Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:01

Апта: Гуревич жаңжалы, ири өлкөлөр оюну...


MGN Groupтун мурдагы башчысы Евгений Гуревич, 2009-жылдын 14-октябрында тартылган сүрөт.
MGN Groupтун мурдагы башчысы Евгений Гуревич, 2009-жылдын 14-октябрында тартылган сүрөт.

Президенттин уулу, Борбордук өнүктүрүү агенттигинин башчысы Максим Бакиевдин эң жакын өнөктөшү катары саналган Евгений Гуревичке байланышкан чатак чыкты. Курултайлар алдында өлкөдө кырдаал курчуду. Кыргызстанда ири өлкөлөрдүн жаңы оюну башталды.


Гуревич жаңжалы

“Ак жол” партиясынын парламенттеги толук үстөмдүгү, андан кийин күзүндөгү Президенттик администрацияны өзгөртүүнүн натыйжасында Максим Бакиев башында турган Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин түзүлүшү жана өлкөнүн финансылык активдеринин, ири ишканаларынын ушул агенттикке берилиши Евгений Гуревич сыяктуу шектүү адамдардын Кыргызстанга топтолушуна алып келди. Анткени алардын ишин парламент да, башка органдар да көзөмөлдөбөй тургандай шарт түзүлдү.

Максим Бакиев


Евгений Гуревичке чейин анын негизги өнөктөшү Михаил Наделдин айланасында шектүү сөздөр чыгып, ал жетектеген “Азияуниверсалбанк” арам акчаларды адалдоодо деп Россия тараптан айыптоолор болгон. Эми мына Евгений Гуревичтин жаңжалы чыкты. Италиялык судья аны мафия менен байланышы бар, арам акчаны адалдаган, “Италия телекомду” жана “Фаствеб” компанияларын 2 млрд.700 млн. долларга алдап кетти деп айыптады.

Мына ошол мафия менен байланышы бар деген Гуревич Кыргызстанда өзгөчө маанилүү кызматтарды ээлеп турду. Маселен, ал жетектеген MGN GROUP Максим Бакиев башында турган Өнүктүрүү фондунун, Социалдык фонддун активдерин башкаруу укугуна ээ болгон. Гуревич Улуттук электр станциялар жана "Манас" аба майданынын директорлор кеңешине кирген. Булардын колунда ошондой эле Кумтөр алтынынан бери тейлеген “Кыргызалтын” да бар. Ири уюлдук байланыш компанияларын да түрдүү жолдор менен ээлешкен...

Россиянын 300 млн. доллар насыясы ушул колдорго тийүүсү Камбар-Ата-1 ГЭСи үчүн бөлүнө турган 1 млрд. 700 млн. доллар насыянын токтоосуна алып келгенин Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин биринчи катчысы Виталий Скринник билдирген.
Орус өкмөтү бул каражатты 2009-жылы 3-февралдагы келишимге ылайык, Кыргызстандагы ишкерликти каржылоого бөлгөн. Дал ошол себептен каражат бөлүнгөн жылы Экономика министрлиги долбоорлор үчүн конкурстарды жарыялаган. Бирок алар ишке ашпай калды.
Өнүктүрүү фондунун жетекчилеринин бири Алексей Елисеевдин сөзүнө караганда, каражаттар Россиянын “Газпром”, “ВТБ”, “Сбербанк”, “Алроса” өңдүү ишканаларынын баалуу кагаздарын сатып алуу, башкача айтканда биржаларда чайкоочулук үчүн пайдаланылган. Орустар өндүрүшүңдү көтөр деп берген акчага орустун компанияларынын баалуу кагаздарын сатып алып, биржа оюндарын жүргүзүүсү Кремлге жага бербегени турган иш.

“Ата Мекен” социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Евгений Гуревичтин Кыргызстандагы иши тууралуу буларды билдирди:

- Гуревич Кыргыз өкмөтүнүн, кыргыз бийлигинин Телеком менен "Түндүк электрону" приватташтыруудагы кеңешчиси болгон, ошонун кеңеши менен 500 миллиондон 1 млрд. долларга чейин турган биздин эки байлыгыбыз, ар бири 500 млн. доллардан жогору турат, бири 3 млн. долларга, бири 40 млн. долларга сатылды.

Эмне үчүн Гуревич бизге келди. Гуревич телекоммуникация тарабындагы афераларга маш болгон адис. Булар Италиянын Телекомун 2 млрд. 700 млн. долларга отургузган. Бул Кыргызстанга келип Бимакомдун айланасында дагы афераларга аралашкан. Убагында Бителди революциядан кийин 20 млн. долларга сатып алышып, азыр баасы 1 млрд. долларга жетти.

Албетте, Гуревич өзүнүн актыгын жана сотто күнөөсүз экенин далилдерин билдирип чыкты.

Бирок ага карабай Гуревич жаңжалы чыккандын эртеси күнү, 11-мартта Өнүктүрүү фонду MGN GROUP менен байланышын үзгөнүн жарыялады.

Ошого байланыштуу “Ак жол” фракциясынын лидери Улукбек Ормонов бул маселеге чекит коюлду деп эсептейт:

- Албетте, бүгүнкү күндөгү айтылган иштер боюнча биздин Өнүктүрүү фонду Гуревич менен бүт келишимдери үзүлгөндүгү жөнүндө

өзүнүн маалыматын берген. Муну артынан айткандын кереги жок деп ойлойм.

“Акжолчулар” ушунчалык күчтүү өлкөлөрдүн бири деп эсептелген Италияны 2 млрд. 700 млн. долларга алдап кетти деп жаткан адамдын Кыргызстанда эмне кылганын иликтеп көрүш керек дегенге батынган жок.


Курчуган кырдаал

Евгений Гуревич чатагы Акүйдүн чүмбөтүн ачып, саясий элитанын эсин кетирсе, тарифтердин көтөрүлүшү калың калк ичинде нааразылыкты күчөттү. Тарифтерди калыбына келтирүү максатында “220” сыяктуу кыймылдар түзүлдү. Нарында болсо эл ири митингиге чогулду. Нарын митингисинде тарифтерди калыбына келтирүү, жер сатууга тыю салуу, сатылган ишканаларды кайтаруу, Исмаил Исаковду бошотуу талаптары коюлду.

Митингдин уюштуруучулары менен 12-мартта өкмөт үйүндө премьер-министр Данияр Үсөнов жолугушту. Талаптарын укту. Жолугушуунун жүрүшү тууралуу Үсөнов Улуттук канал аркылуу буларды билдирди:

- Сөз абдан ачык болду. Биринчиден аларга да, бизге да жашыра турган эч нерсе жок. Бир элбиз. Бир топ маалыматтар бүгүнкү келген адамдарга жаңылык болду. Ушунча миң адамдар жардам алып аткан турбайбы дешти. Түз берилген суроолор да болду. Макул урматтуу Данияр Токтогулович, биз түшүндүк, биз базарда отурабыз, мен болсо фермер. Чоң фермер эмесмин. Жыйырма коюм бар. Социалдык жардамдарды ала албай калат экенбиз. Мамлекеттен жардам алыштын жолу барбы деп сурашты. Мен бар деп жооп бердим. Экинчиден, бийик тоолуу аймакка жеңилдиктерди алып салыпсыңар дешти. Жок. Мен бүт баарын түшүндүрүп бердим.

Бирок нарындыктар өкмот башчы менен жолугушуунун жыйынтыгына кескин нааразы болуп чыгышты. Маселен, өкмөт башчы менен жолугушкандардын бири Адыл Эсенов:

- Премьер-министрдин жообуна канааттанган жокпуз. Электр кубатына тарифтер 1 сом 50 тыйын боюнча калат. Эч кандай өзгөртүү киргизбейбиз деди.

Премьер-министрдин сөзүнө аны менен жолугушкан башка нарындыктар да нааразылыгын жашырган жок:

- Бул бизди эмне үчүн алдайт. Ал жыйырма адамды алдаган жок. Нарын облусунун элин алдады. Каршыбыз биз. Кудай деле карап турат төбөбүздө. Кудайга жакпаган ишти кылып жатышат. Кудай уруп кетет го бул бийликти.

Нарындагы кырдаалдын курчушуна улаалаш Алайда 15-мартта жөө жүрүш акциясы башталуу алдында турат. Жөө жүрүш Сопу-Коргон айылынын Гүлчөгө чейин болоорун Исмаил Исаковду коргоо комитетинин төрагасынын орун басары Ормонбек Токобаев билдирди:

Алайдагы митинг, 2010-жылдын 6-марты.


- Биз Алай районунун Сопу-Коргон айылынан 15-марттан баштайлы деп турабыз. Гүлчөгө чейин жөө жүрүш болот. Беш жүздөй киши болот. Жогорку жактагылар гана болот. Ылдыйкы жакты (Гүлчө зонасы) кошпой турабыз. Атчандар да болот.

Алайлыктар Исмаил Исаковго абакта кысым болуп жатыш мүмкүнчүлүгү тууралуу сөздөр чыгып жатканын угушканын жана бул боюнча жергиликтүү бийликке эскертүү берилгенин Токобаев белгиледи:

- Эгерде ошондой боло турган болсо, биз жөн турбайбыз. Бийликтегилер ошондойлорду уюштуруп жатат деп уктук. Токтоткула деп айттык.

Исмаил Исаковдун адвокаты Азимбек Бекназаров Исаковго абакта кысым болуш мүмкүндүгү тууралуу сөздөргө карата мындай жообун берди:

- 11-мартта абактагы Исаков менен жолуктук, сүйлөштүк. Мени менен жубайы да кошо кирди. Ден-соолугу жакшы. Руху мурдагыдай эле, мындайча айтканда генералдыкындай. Болгону Исмаил Исакович алайлыктарга жан тартып турат. Алайлыктар катуу талап коюп, эгерде актабаса, чыгарбаса биз 15-мартта жүрүш кылабыз деп, катуу талап коюп жатпайбы. Ошодон чочуп жатат.Бул бийлик элге да залакасын тийгизип койбогой эле, бул бийлик андан кайра тартпайт деп, элдин камын көрүп, чочулап жатат. Ошондуктан комитетке айт, элге чыксын, эл талаптарын кое берсин, бирок радикалдуу кадамдарга барбай эле турбайбы деп өтүнүп көрбөйбү деп, элден чочуп гана, элге залакасы тийип калбасын деп гана айтып жатат.


Ал ошол эле мезгилде Исаковдун коопсуздугуна азыркы бийлик жооп берерин билдирди:

- Эгерде Исмаил Исаковичтин бир нерсе болуп ден-соолугу бузулуп, ооруп калып же кандайдыр денесине зыян келтирилсе бүгүнкү Бакиев башында турган бийлик жооп берет. Түздөн-түз Бакиев жооп берет. Анткени элдин баары, коомчулук, дүйнөлүк коомчулук билет, Исаковдун Бакиевдин буйрутмасы менен каматылганын. Экинчиден, түздөн-түз ошол колониянын, ГУИНдин жетекчилери жооп берет.

Исмаил Исаков анын камалышы саясий буйрук экенин белгилеп келет. Эгерде ал президенттен эле кечирим сураса абактан чыгарыларын буга чейин бир нече аксакалдар айтып, ал үчүн Исаков алар даярдаган кагазга кол гана коюш керектигин билдиришкен.
Исаков кечирим сураса эле чыгаарын Курманбек Бакиев Акыйкатчы Турсунбек Акун менен жолугушууда да айтканын Турсунбек Акун өзү билдирип чыкты:

- Президент эми айтат ушундай, Исаков эгерде кечирим сураса, мен аны кечирем. Колумдан келишинче караймын.

Муну менен Исмаил Исаков кимдин буйругу менен камалганы ого бетер даана болуп калды.

Нарын, Алай митинг, жүрүштөрү жана 17-мартта Бишкекте Элдик курултайдын белгилениши бийликти олуттуу тынчыздандырууда. Ошого жараша тартип коргоо органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат кылууга өткөрүлдү.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев абалды опурталдуу катары баалады:

- Абал опурталдуу болуп жатат. Көрүп атабыз. Бул жерден кризис чыгып кетиши мүмкүн.

Ал эми Данияр Үсөнов өкмөт туруксуздукка жол бербешин эскертти:

- Өкмөттө мыйзам бузууларга каршы күрөшкө, баш-аламандыкты болтурбоого бардык күчү жана каражаты бар. Ошону менен бирге айтаарым, тынч жана куралсыз жыйналууга биздин жарандардын бардык укуктары бар.

Албетте, 17-марттагы курултай жана анын андан аркы өнүгүшү калктын келишине жараша болот. Эгерде эл өтө көп чогулса, бийлик эсептешүүгө аргасыз болот. Тескерисинче болсо, баары мурдагыдай кала берет.

Ири өлкөлөрдүн кыймылдары

Кыргызстанда ички кырдаалдын чыңалышына жараша эл аралык майданда да бир топ орчундуу окуялар болду.

Кыргызстанга АКШнын башкы командачылыгынын башчысы генерал Дэвид Петреус келип кетти. Ага улаалаш АКШнын элчилиги кыргыз өкмөтү үчүн Баткенде антитеррордук машыгуу борборун куруу үчүн 5.5 млн. доллар каражат бөлөрүн ачыктады. Белгилүү болгондой бул регионго Россия менен аскерий база куруу жагы сүйлөшүлүп жаткан. Бирок ал ишке ашпай турат. Анын ордуна америкалыктар озунуп кетти.

Девид Петреус кыргыз президенти Курманбек Бакиев менен жолугушууда, Бишкек.


Дэвид Петреус акча берүү менен Транзиттик борборду "Манаста" андан ары калтырууга ыңгайлуу жагдай түзүп жатканы түшүнүктүү. Ошого жараша Кошмо Штаттар Кыргызстандагы саясий окуяларга да эч кандай баа бербей келатышат. Вашингтондун мындай позициясын оппозициялык саясатчылар сынга алып келет.

Кыргыз бийлигин жээрип турган Москва кандайдыр бир ачык ишаараларды билдире элек. Бирок БЭКтин төрагасы Алмазбек Атамбаевдин Москвага барып келишинен кийин оппозицияга жакын Аксакалдар кеңешинин Транзиттик борборду чыгаруу, ал эми Канттагы орус базасын тарыхый себептерге байланыштуу калтыруу демилгесин көтөрүп чыкты.

Саясат таануучу Марс Сариев аксакалдардын чыгышын жөн жерден эмес дейт:

- Бул аксакалдар жөн жерден көтөрүлбөйт. Биз билебиз мындай нерселер кандай учурда уюштурулаарын. Аксакалдар кеңеши жөн
чыкпайт, бул дагы кайсы бир күчтөрдүн уюштурган иши.

Ошентип тарифтердин көтөрүлүшү, Гуревич жаңжалы Кыргызстанда курч кырдаалды жаратууда. Бул абалдан эл, бийлик, мамлекет кандай чыгат аны убакыт көрсөтөт.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG