Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:59

Курултай чакырык катуу чыгууда


Элдик курултайды уюштуруучулар маалымат жыйынын берүүдө, 11-март, 2010-жыл.
Элдик курултайды уюштуруучулар маалымат жыйынын берүүдө, 11-март, 2010-жыл.

11-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту 17-марттагы Элдик курултайды башкалаанын «Ала-Тоо» аянтында өткөрүүгө тыюу салган чечимин чыгарды. Райондук сотко Бишкек шаар башчылыгы кайрылган. Элдик курултайды уюштуруу комитетинин төрайымы Роза Отунбаева республиканын туш тарабынан келген өкүлдөр алгач Бишкектеги «Форум» ишканасынын алдында чогула тургандыгын, бийлик тоскоолунун айынан жыйын өткөрүүчү жай такталбай жатканын билдирди.


Аянтка "аппазиция" келбесин!

4-мартта Элдик курултайды уюштуруу комитетинин төрайымы Роза Отунбаевадан Элдик курултайды башкалаанын “Ала-Тоо” аянтында 17-март күнү өткөрүү жөнүндө кабар келип түшкөнүн маалымдап, Бишкек шаар башчылыгы Биринчи Май райондук сотуна кайрылган.
Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун имараты

Шаар жетекчилиги Элдик курултайды борбордук аянтта өткөрүүгө тыюу салып, сотко кеткен ыгым-чыгымдарды жыйынды уюштуруу комитетинин төрайымы Роза Отунбаевадан өндүрүп алууну өтүнгөн. Биринчи Май райондук соту Алмаз Калыбаев Бишкек шаар башчылыгынын өтүнүчүн толугу менен канааттандырды.

- Роза Отунбаева менен белгиленген Элдик курултайды уюштуруу комитетине 2010-жылдын 17-мартында Бишкек шаарынын “Ала-Тоо” аянтында эртең мененки саат ондон кечки саат 20 чейин көп эл катышкан жыйынды өткөрүүгө тыюу салынсын! Роза Отунбаевадан мамлекет пайдасына 10 сом өлчөмүндө мамлекеттик төлөм өндүрүлүп алынсын!

Чечимин окуп берген райондук сот аны курултай өткөрүүчүлөр беш күндөн кийин алыша тургандыгын айтып, отурган кабинетин бошотууну талап кылды. Р.Отунбаеванын кызыкчылыгын коргогон кесиптеши Галина Скрипкинанын мыйзам тартибине ылайык чечимдин жыйынтык бөлүгү ушул эле күнү берилиши керектигин ырастаган өтүнүчү жоопсуз калды.

Парламент депутаты Г.Скрипкина Биринчи Май райондук сот чечими туура эместигин белгилеп шаардык сотко кайрыла тургандыгын билдирди. Анын айтуусунда, Элдик курултай “Ала-Тоо” аянтында өтпөй турган болсо көпчүлүк катышкан иш-чараларды ал жерде дегеле өткөрбөш керек.

- Башкача айтканда, мыйзам мэрия тарабынан каалагандай түшүндүрүлөт. Кааласа уруксат берет, каалабаса уруксат бербейт. Мындай болбошу керек! Мыйзам бардык адамдарга, ошондой эле ушундай иш-чараларга карата бирдей колдонулушу керек.

Нарындан жиберилген салам дубай
Нарында элдин духу күчтүү, катуу. 17синде 10 миңдеген эл чогулабыз деп жатат.
Р. Отунбаева

Элдик курултайды уюштуруу комитетинин төрайымы Роза Отунбаева райондук сот чечими чыга электе шаар башчы Н.Түлеев кадырын салып жыйын өткөрчү жайды издөөгө көмөк көрсөтөрүн билдиргенин маалым кылып, учурдагы саясий кырдаал уламдан-улам курчуп баратканына токтолду.

- Нарында биз болдук. Нарында элдин духу күчтүү, катуу. Эл болсо туруп беребиз деп атат. Кечээ үч миңден ашык чогулду эле. Керек болсо он жетисинде он миңден чогулабыз деп атат. Эми буларга болсо чечип бер, чечип бер жалынгандын эч кажети жок. Аны керек болсо өкмөт да чече албайт. Өзүңүздөр көрүп атасыздар, жанагы Е.Гуревич деген Италиянын “Телекомун” жайлап, эларалык издөөдө жүрүптүр. Ал эми болсо Африканын элинен бешбетер кылып бизди жайлаганга мына дапдаяр болуп турганын өзүңөр көрдүңөр. (“Кыргызтелекомду”- Ред.) 40 миллион долларга жөн эле сатты. Аны болсо “Финтур” деген компанияга 400-500 миллионго сүйлөшүп аткан кезинде бул азыр ордунан ыргып кетип атканы.

Элдик курултайды уюштуруу комитетинин мүчөсү Эмилбек Каптагаев көпчүлүк катышкан жыйында козголчу маселелердин баары биригип келип саясатка такаларын, саясат кеби барып-келип эле азыркы бийликтин жасап жаткан иштерин артынан чубалжытып илештирип чыгарын белгиледи.

- Мамлекеттин саясаты бир үй-бүлөнүн чөнтөгү үчүн болбошу керек. Же болбосо жанагы Е.Гуревич сыяктуу чет өлкөлүк шылуундардын, кескилердин чөнтөгү үчүн болбошу керек.

Элдик курултай уюштуруучуларынын маалымат жыйынын улай Саясий куугунтуктарга каршы комитеттин төрагасы Топчубек Тургуналиев бийлик тарабынан элдик жүрүш, жыйындарды токтотуу аракети күчөй баштаганын маалымдады. Анын мисалы катары № 19-колонияда жаткан Исмаил Исаковду апачык коркутуу, кысым болуп жатканын келтирди.
БЭКтин мүчөсү Топчубек Тургуналиев журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө.

- Бийликтегилер өздөрү И.Исаковго катуу кысым жасап, катуу талап коюп жатышыптыр. Айткыла жанагы алайлыктарга, башкаларга, жүрүш дегенди, митинг дегенди тезинен токтотсун! Эмесе көргүлүгүңдү көрөсүң дегендей.

Саясий куугунтукка каршы комитет ошондой эле талапты президент К.Бакиевге коюп, андан И.Исаковду, С.Аргынбаевди, Э.Бөлөкбаевди, У.Рыскуловду, Балыкчыда соттолгон 18 адамды толугу менен актап, боштондукка чыгарышына 4 күн беришкенин билдиришти. Саясий куугунтукка кабылгандар боштондукка чыкса гана козголгон элди тынчтанууга чакырыша турушкандыктарын ырасташты.

XS
SM
MD
LG