Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:51

Консоттун чечими: беренеден улам чыккан сөз


Укук коргоочулардын акцияларына тыюу салынып келген.
Укук коргоочулардын акцияларына тыюу салынып келген.

2-мартта Конституциялык Сот “Тынч жыйындар тууралуу” мыйзам долбоорунун 3-беренесин алып салуу чечимин чыгарды. Жергиликтүү айрым укук коргоочулар муну жарандык коомдун жеңиши катары баалашса, кээ бирлери аны башкача сыпатташууда.

Конституциялык Сотко бул беренени алып салуу өтүнүчү менен укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова кайрылган эле.

Активист Өндүрүш Токтонасыров буга чейин жети жолу “Азаттык” үналгысынын берүүлөрүн Улуттук теле-радио корпорациясынан чыгаруу талабы менен митингге чыгып, ар жолу аны милиция кармап кетчү.

- Акция баштала электе эле кармап кетишчү. “Турганга укугуң жок” деген мааниде. Мен бардыгын мыйзамдын негизинде жасачумун, “ой, мына, кагазым бар, мэрияга маалымдама бергем. Мен укугумдан пайдаланып тура алам” десем да болбой эле колу-бутуман толгоп эле алып кете беришчү. Эми алар Консоттун чечимин кандай аткарышаар экен? Бул чечимдин күчүн ошондо көрөбүз.

Өндүрүш Токтонасыров “Азаттыкты” УТРК аркылуу уктуруу талабын улантып, кийинки акциясын Ак үйдүн алдына белгилеп жатат. Бирок азырынча митингге чыгуу ниети бар экени тууралуу Бишкек шаардык мэриясына маалымдама бере элек.

Маалымдама демекчи, Консоттун 2-марттагы чечимине ылайык эми жарандар тынч жыйындарды жергиликтүү бийлик органдарына алдын-ала кабарлап, каалаган жерде, каалаган убакытта өткөрсө болот. Башкача айтканда, мындан ары тынч жыйындарды өткөрүү убактысы, жери чектелбейт.
Бул берене жок болгондо да, мыйзамдын калган беренелериндеги 12 күн алдын ала маалымдама берип, анан митинг уюштуруу деген жерлери калып атат.


Бирок митингдер “Тынч жыйындар тууралуу” мыйзамдын кийнки беренелеринде көрсөтүлгөн нормаларынын чегинде уюштурулуш керек. Тактап айтканда акциялар өтө кооптуу өнөр жайлардан элүү метр, эл аралык жана мамлекеттик маанидеги жолдордон; президент, премьер-министрдин резиденциясынан; Жогорку Кеңештин имаратынан отуз метр алыс өткөрүлүшү керек.

Бул тууралуу 3-мартта судья Өмүрзак Мамыров укук коргоочу Төлөйкан Исмаилованын доо арызы боюнча Конституциялык Сот чыгарган чечим тууралуу түшүндүрмө берип жатып билдирди.

Өндүрүш Токтонасыровдун акциясы
Чектөөлөр калды, маселе чечилдиби?

“Консоттун бул чечими бир караганда калыс, демократиянын түркүктөрүнун негизинде кабыл алынган чечим катары кабылданышы мүмкүн, бирок чынында жарандардын эркин жыйналуу укугун кепилдөө боюнча алдыга эч кандай деле жылыш болгон жок” деп эсептейт укук коргоочу Нурбек Токтакунов.

Анын айтымында, Конституциялык Сот “Тынч жыйындар тууралуу” тууралуу мыйзамдагы 3-беренени жокко чыгаруу менен жарандар жергиликтүү бийлик тарабынан көрсөтүлгөн гана аймактарга нааразылык акцияларына чыга алышат деген чектөөнү алып салганын ырастап, бирок ошол эле учурда 4-5-беренелердеги чектөөлөр кала бергенин белгиледи.
Эми алар Консоттун чечимин кандай аткарышаар экен? Бул чечимдин күчүн ошондо көрөбүз.


Нурбек Токтакуновдун белгилешинче, 4-беренеде “жарандар пикет-митинг өткөрүү тууралуу жергиликтүү бийликке 12 күн мурун алдын ала маалымдама бериши керек” жана 5-беренедеги көрсөтүлгөн аймактарда гана нааразылык иш-чараларын өткөрө алат деген чектөөлөр пикет-митинг өткөрүү эркиндигиндеги эң башкы маселе болуп эсептелет.

- Эми бардык иш-аракеттер алдын ала маалымдама менен ишке аша тургандай болуп калды. Эгерде элде кайсы бир маселер боюнча нааразычылык туулуп, ал боюнча кичине эле жыйнала баштаса, аларды дароо кармап кетип, соттун бул чечими убактылуу кармап бөлүштүрүүчү жайга алып кете беришет.

Ушундай эле кооптонуу менен Жаш укук коргоочулар кеңеши да билдирүү таратты. Кеңештин мүчөсү Гүлшайыр Абдирасулова соттун бул чечими ириде курултай, форумдарга байланыштуу болуп, ал өлкөдө жарандардын жабык жерлердеги эркин жыйналуу укугуна шек келтире тургандай мүнөзгө ээ болбосо деген кооптонуусун билдирди.

- Бул берене жок болгондо да, мыйзамдын калган беренелериндеги 12 күн алдын ала маалымдама берип, анан митинг уюштуруу деген жерлери калып атат. Жыйындар жабык жерде болобу, эгерде ошол жайдын ээси уруксат берген күндө да алдын ала маалымда калып атат. Ошол бүгүнкү күндө бизди аябай тынчсыздандырып атат.

Консоттун акыркы чечимин “орто зар” деп сыпаттаган жаш укук коргоочу “Тынч жыйындар тууралуу” мыйзамдагы 3-берененин алынып салынышын жарандык коомдун жеңиши катары бааларын айтты.

"Азаттыктын" архивинен: Ө.Токтонасыровдун акциясы үзгүлтүккө учурады

8-февралда “Азаттык” үналгысын УТРК аркылуу жалпы өлкө аймагына уктуруу талабы менен нааразылык акциясына чыккан Өндүрүш Токтонасыровдун колундагы плакатты Ленин райондук ИИБнүн кызматкерлери күч менен тартып алып, өзүн ички иштер бөлүмүнө алып кетишти.ES

Ө.Токтонасыровдун акциясы үзгүлтүккө учурады
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:37 0:00

XS
SM
MD
LG