Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:31

А.Абдрасулова: Адам укуктары одоно бузулууда


Адам укуктарынын бүгүнкү абалы тууралуу “Азаттыкка” “Кылым шамы” укук борборунун башчысы Азиза Абдрасулова маек курду.

- “Демократия жарандык коом үчүн” коалициясы аялдардын укуктары кыргыз бийлиги үчүн артыкчылыктуу багыт болуш керек деп кечээ билдирүү таратты. Акыркы 20 жылда аялдардын укуктары кескин начарлап кетти деген пикирге кошуласызбы?

Азиза Абдрасулова: Мен ал пикирге кошулам. Чынында эле 8-март бизде белек, гүл алган “дүжүр” майрамга айланып калды. 8-марттын тарыхына кайрыла турган болсок, бул - саясий майрам. 8-мартты аялдар өз укугуна ээ болуп, укугун талашсын деген каалоо, ошондой максат менен Аялдардын эл аралык күнү болуп белгиленген. Биз өзүбүздүн укугубузду, 8-марттын маанисин жакшы түшүнө албай калдык. Ошондуктан биз аялдардын укугуна көңүл бөлүүнү сураган коалициянын демилгесине мен кошулам.

- Ушул тапта Кыргызстанда аялдардын кайсы укуктары бузулуп атат?

Азиза Абдрасулова: Негизинен бардык эле жарандык жана социалдык-экономикалык укуктары бузулуп атат. Бүгүнкү күндө тарифтердин жогорулашы, жумуш орундарынын жоктугу, аялдарга, үй-бүлөгө өтө чоң залакасын тийгизип атат. Андан тышкары Кыргызстанда аялдарга карата зордук-зомбулуктун колдонулушу, аялдарды зордуктап ала качып, баш кошууга мажбурлаган көрүнүштөр - ушулардын бардыгы аялдардын укугун бузгандык.

- Аялдардын саясий укуктары бузулуп атат деп айтууга болобу?

Азиза Абдрасулова: Саясий укуктары бузулуп эле келген. Мисалы, жумуш орундарында, чоң мамлекеттик кызматтарда аялдардын катышуусу аз. Акыркы жылдары аялдардын орду бир аз кеңейтилди деп айтсак болот.

- Акыркы мезгилде милиция кызматкерлеринин арасында басмырлоо, опузалоо көбөйүп кетти деген пикирлер пайда болду. Сиз мындай пикирди негиздеп, же жокко чыгара аласызбы?

Азиза Абдрасулова: Ошондой фактылар, тилекке каршы, күнүгө саат сайын жолугуп атат. Мунун баары “балык башынан сасыйт” болуп, катардагы милициялар эмес, жогору жактан болуп атат. Себеби Бишкек шаардык ички иштер башкармачылыгы кандайдыр бир рейддерди өткөрүү боюнча өздөрүнүн ички буйруктарын чыгарышат. Ал эми адам укугуна ылайык ошол ички буйруктар адам укугуна таасирин тийгизе турган болсо, элге маалымдалыш керек. Бирок ал рейддер жөнүндө эч кандай маалымат жок.

Буйрукту биз бүгүнкү күнгө чейин көрбөйбүз. Бирок ошол ички буйруктардын негизинде көчөдө бараткандарды кармайт, үйлөрдү, мейманканаларды тинтишет, паспортторду текшеришет, убактылуу кармоочу жайга алып барышат, акчаларын алышат, булардын бардыгы бир нерсеге негизделет. Ал - ички буйрук болуп эсептелет.

- Бул өзүңүз башыңыздан өткөрүп, өзүңүз далилдеген фактыларбы?

Азиза Абдрасулова: Бул мен далилдеген фактылар. Кечээ Свердлов райондук сотунда 20дай балдарды кармап алып, соттотуп атышыптыр. Мен кокустан көрүп калдым. Арасында Жаркынай деген бир аял бар экен. Колунда ымыркайы бар экен. Дүкөнгө чыккан жеринен кармап кетишиптир. Күйөөсү баласын көрүп алып, документтерин алып барса чыгарбай коюшуптур. Мавлян деген 21-ГОМдун адиси бар экен, миң сом акчасын алыптыр, тигини сөгүптүр. Көзүнүн жашын төгүп, ыйлап, сотко ушунун баарын айтып берди, мени ушундай кылды деп. Мен бир эле мисалды айтып атам.

- Рахмат маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG