Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:58

Жаштар 60 тыйынга каршы


24-февралда жаш укук коргоочулар түйүндүк кошулуулар үчүн алынып жаткан кошумча төлөмгө каршы акция өткөрүштү. Байланыштын кымбатташы жана акция мындан ары кандай багытка уланат?

Жаш укук коргоочуларды коштоп флеш-моб акциясына чыккан улан-кыздардын катарын студенттер жана активдүү жаштар түздү. “Иш-чаранын катышуучуларынын саны онго жетпегени менен, биздин кадамды уюлдук байланыштын баардык абоненттери колдошот” деп уюштуруучулар билдиришти.
“Биз уюлдук кошулууга алынган 60 тыйынга каршыбыз” деген жазууларды кийимине чаптаган акциянын катышуучулары алгач “Билайн” компаниясынын кеңсесинин алдында сүрөткө түшүп нааразылык пикирлерин айткан соң иш-чара “Фонекс”, “Мегаком” уюлдук ишканасынын алдында улантылды.

Жаш укук коргоочу Урмат Казакбаев акциянын максатына мындайча токтолду:

- Бүгүнкү флеш-моб акциябыз нааразылык катарында жүрүүдө. Биз бул жазууларыбыз менен түшкөн сүрөттөрүбүздү байланыш компаниялардын дарегине жөнөтөбүз. Ошону менен бирге 60 тыйындык кошулуу акысын төмөндөтүүнү өтүнүп жатабыз. Эгер биздин талаптар аткарылбаса мыйзым чегинде митинг өткөрүшүбүз мүмкүн.


Кыргызстандагы алдыңкы байланыш операторлорунун кеңсесинин алдында өткөн акцияга ишкананын жетекчилиги эч назарын салган жок. Бирок бул флеш-моб акциясын четтен байкап турган жаштар бул иш-чара жана кымбаттоо тууралуу пикирлерин айтышты.

Илгиз: - Мындай акциялар баанын кайра төмөндөшүнө салымын кошооруна ишенбейм. Бирок жыйынтык жок деп токтотуп койууга болбойт. Негизинен бул кымбаттоого мен каршымын. Бааны көтөрбөй эле коюшса болмок. Өкмөттүн мындай кадамына каршы туруу мүмкүн эмес окшойт.

Ринат: - Бул иш-чарага кетирген убакытты уюштуруучулар башка кымбаттоого багыттаса жакшы болмок. Алсак азыр энергия жана жылуулуктун баасы асмандап кетти. Ал эми байланыш үчүн бир сом төлөө нормалдуу эле көрүнүш. Бирок бул акча мамлекеттин эсебине түшсө деген ойдомун.

Урмат: - Жаштар нааразы экендигин ушундай иш-чаралары аркылуу билдириши зарыл. Байланышка баанын кымбатташын негизсиз деп эсептейм. Мен буга чейинкиге салыштырмалуу телефонго эки эсе көп акча коротуп жатам. Айла жок сүйлөшүүгө туура келет экен.

Буга окшогон нааразылык 5-февралда да өтүп, анда кардарлар бир күн бою телефондорун өчүрүп сүйлөшүүдөн баш тартышкан.

Негизинен байланышка болгон нарк 1-февралдан тарта көтөрүлгөн. Ошондон тарта абоненттер ар бир кошолуу үчүн 60 тыйындан төлөп келишет. Бирок баа мындай кошулууга гана эмес сүйлөшүү үчүн да кымбаттаганды маалым. Алсак “Билайн” компаниясынын “Укмуш” тарифин колдонгон кардарлар январь айында түйүн ичинде ар бир мүнөт сүйлөшүү үчүнө 50 тыйындан алып келген болсо, эми ал тарифтин наркы бир сомго барабар, ошол эле маалда кошулууга 60 тыйын кошумча түрдө алынууда.

Бул кымбаттоо аргасыздан болгон кадам дейт "Мегаком" ишканасынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы Дмитрий Ветлугин.

- Биз бул тармакты мындан ары өнүктүрүп, кирешени калыбына келтирүү үчүн бааны көтөрүүгө туура келди. Сүйлөшүү акысын көтөрүүдөн көрө, кошулуу акысын жогорулаталы деп чечкенбиз. Биз мындай кадамга барбасак кирешебиз төмөндөп, инвесторлорду жоготуп алышыбыз мүмкүн. Биз бул кадамга аргасыздан бардык.

Бул кымбаттоону байланыш ишканалардын өкүлдөрү кирешенин аздыгынан деп түшүндүрүшсө, байланыш агентигинин жетекчилиги баанын көтөрүлүшүнө биздин тиешебиз жок деп билдиришти. Ал эми Жогорку Кеңеште болгон талкууда териштирүү иштери жүрүп, бааны калыбына келтирүү маселеси көтөрүлгөн. Ал эми өкмөт башчы Данияр Үсөнов байланыш компаниялардын ишине кийлигише албайбыз деп кол куушурууда.

Жаштар 60 тыйынга каршы
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:30 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG