Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:21

Кыйырды кыйшайткан кырк кылмыш иши


Мурдагы президенттин кенже уулу, издөөдө жүргөн Максим Бакиев баштаган топко экономикалык ири кылмыштар боюнча айып коюлду.
Мурдагы президенттин кенже уулу, издөөдө жүргөн Максим Бакиев баштаган топко экономикалык ири кылмыштар боюнча айып коюлду.

Башкы прокуратура мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын экономикалык жана кызматтык кылмыш иштерин сотко өткөрдү.

Жалпысынан кырк кылмыш иши боюнча алтымыш сегиз адам жоопкерчиликке тартылып жатат.

"Киттер" кылмыш жоопкерчилигине кириптер болушту


Кызматтык кылмыш иштери боюнча мурдагы үлкөн чиновниктер Сапарбек Балкыбеков, Турсун Турдумамбетов, Игорь Чудинов, Нурлан Сулайманов, Ильяс Давыдов жана Искендер Гаипкулов баштаган бир топ адам кылмыш жоопкерчилигине тартылууда. Ошондой эле издөөдө жүрүшкөн Максим Бакиев, Алексей Елисеев, Евгений Гуревич, Михаил Надель жана Алексей Ширшов баштаган экинчи топко ири экономикалык кылмыштар боюнча айып койулду.

Өкмөт башчысынын укук коргоо жана сот органдары боюнча орун басары Азимбек Бекназаровдун айтымында, кылмыш иштеринин көпчүлүгүн мамлекеттик казынага зыян келтирүү, каржылык көз боёмочулуктар, акча каражаттарын адалдоо жана бирөөнүн мүлкүн тартып алуу сыяктуу аракеттер түзөт:
Азимбек Бекназаров

- Булар негизинен кылмыштуу жол менен келген акча каражаттарын жасалма түзүлгөн фирмалар аркылуу же жергиликтүү банктар аркылуу адалдашкан. Мамлекеттик акчаны ошол жакка которушуп, ошондон ары анан пайдаланышкан. А. Ширшовдуку “Дастан” ишканасына байланыштуу. Бирөөлөрдүн банктарын тартып алышкан. Мисалы жанагы “Кыргызинвесткредит” банкын Фиаккониден А. Елисеевдер тартып алышкан. Ошондой эле өнөр-жай курулуш банкын деле ошондой жол менен өздөрүнө өткөзүшкөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган кызматтык жана экономикалык кылмыш иштеринин натыйжасында мамлекетке жана жеке адамдарга ири өлчөмдөгү зыян келтирилгендиги аныкталган.

Келтирилген зыяндын орду толукталууда

Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Кубанычбек Сабыров иликтеп-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө келтирилген зыяндардын айрымдары мамлекеттин пайдасына кайтарыла баштагандыгын кошумчалады:

- Негизи тергөөнүн жүрүшүндө мамлекеттик казынага "Азия универсал" банкынан 880 миллион сом, “Кыргызинвесткредит” банкынан 100 миллион сом, “Ысык-Көл инвест” банкынан 70 миллион, “Бакай” банкынан 80 миллион сом. Бардыгы болуп бир миллиард 130 миллион сом алынды. Мындан сырткары республикалык бюджетке “Кыргызинвесткредит” банкынан 4 миллион, “Бакай” банкынан бир миллион, “Манас” банкынан 8 миллион жана “Азия Универсал” банкынан 22 миллион АКШ доллары которулду. Бардыгы болуп 35 миллион АКШ доллары.

Мындан мурда 19 миллиондон ашуун АКШ доллары банктардын уячаларынан табылып, Улуттук банктын сактоосуна өткөрүлүп берилген.

Кайрымы жок мунапыс
Экономикалык кылмыш жасагандарга жарыяланган мунапыс үчүн белгиленген убакытта бир да адам басып келбеди.

Сентябрь айынын башында президент Роза Отунбаева кызмат абалынан пайдаланып, экономикалык кылмыштарды жасагандар жеп-ичкенин кайтара турган болсо аларды кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу боюнча мунапыс жарыялаган болчу. Бирок Азимбек Бекназаровдун айтымында жарыяланган бир айлык мөөнөт ичинде кылмыш иши козголгон мурдагы кызмат адамдарынын ичинен бири дагы келген эмес:

- Мунапыс деген 1-октябрга чейин өз ыктыяры менен айыбын мойнуна алып, жеп-ичкендерин кайтарып бергиси келген адамдарга гана колдонулмак. Бирок бул мөөнөттө кылмыш иштери козголгон адамдардын ичинен эч кимиси келген жок. Ошондой дагы бир мүмкүнчүлүк берели жегендерин кусуп беришсин дегенбиз. Бирок биз ойлогондой болгон жок. Ырас келишпегенден кийин алардын иштери сотко өткөрүлдү. Эми алардын айрымдарынын качып жүрүшкөндүгүнө карабастан сыртынан болсо дагы сот өкүмү чыгарылат.

Галустукчандарга калыстык керекпи?

Анткен менен оппозициялык маанайдагы айрым партиялар мурдагы бийликте ири кызмат орундарын ээлеген жетекчилерге карата кылмыш иштерин козгоо алардын саясий көз караштарына карата жүргүзүлүп жаткандыгын белгилешет.

“Ата-Журт” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Ибрагим Жунусов мурдагы жетекчилердин кызматтык ишмердүүлүгүн иликтөө бардыгына бирдей шартта колдонулушу керек деп эсептейт:
Ибрагим Жунусов

- Бул иштерде максаттуу түрдө кимдерге кылмыш иштерин козгоо керек экендиги бир жактуу эле чечилгендиги байкалат. Айрымдары мисал үчүн, “Ата-Журт” партиясына киргендиги менен байланыштуу болду. Буга Нариман Түлеев менен Нурлан Сулаймановдун иштерин мисал келтирсе болот. Ошол эле учурда мурдагы каржы министри, кийин вице-премьер министр болгон Акылбек Жапаров, Өмүрбек Бабанов, Искендербек Айдаралиев сыяктууларга кылмыш иштери козголгон эмес. Бул жерде тандап мамиле кылышкандыгы көрүнүп турат. Негизи ушунча болду мурдагылардын ишмердүүлүгүн терең иликтеп чыккылары келишсе бардыгын бирдей карап текшерип, кылмыш иштерин козгосо ошондо калыс болмок. Булардын иши каршылаш болууга дарамети бар адамдарга карата гана ачылып жатат.

Учурда мурдагы Президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын кызматтык жана экономикалык кылмыш иштери менен сот органдары таанышып жатышат. Айыпталуучулардын көпчүлүгүнүн баш коргоо чарасы катары жашаган жеринен эч жакка чыкпастык жагдайы тандалган.

XS
SM
MD
LG