Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:24

Си Цзинпин менен Владимир Путин Бээжинде жолукту


Владимир Путин менен Си Цзинпин.
Владимир Путин менен Си Цзинпин.

Кытайдын лидери Си Цзинпин менен Орусиянын президенти Владимир Путин 4-февралда Бээжинде сүйлөшүү өткөрдү.

Жолугушуу Кытайдын борборунда өтчү Кышкы Олимпиаданын ачылышына бир нече саат калганда болду. Бул Путин менен Цзинпиндин пандемия башталгандан берки жүзмө-жүз көрүшүүсү. Жолугушуу Орусия менен Кытайдын АКШ жана анын өнөктөштөрү менен ымаласы начарлаган учурга туш келди.

Жолугушуунун соңунда эл аралык мамилелерге байланыштуу биргелешкен билдирүү кабыл алынды. Анда АКШ жана Батыштын сыны камтылды.

“Мамлекет демократиялык болуп саналабы, же жокпу, ага анын эли гана баа бере алат. Маданияты жана тарыхый мурасы бай дүйнөлүк держава болуп саналган Орусия жана Кытай демократиялык терең салт-санаага ээ. Ал миңдеген жылдар бою өнүгүү тажрыйбасына, калың элдин колдоосуна жана калктын кызыкчылыгын эске алууга негизделген”,-деп айтылат билдирүүдө.

Батыш өлкөлөрү жана эл аралык укук коргоо уюмдары Москва менен Бээжинди саясий оппозицияны куугунтуктоо жана демократиялык нормаларды бузууга айыптап келет. Кытайда бир партиянын бийлиги үстөмдүк кылары айтылса, Орусияда президенттик жана парламенттик шайлоолор атаандашсыз жана таза эмес өтөрү сындалат. Былтыр өткөн "Демократия саммитине" Кытай менен Орусиянын лидерлери чакырылган эмес.

Бээжиндеги Кышкы Олимпиада оюндары 4-февралда ачылат. Ага Путин катышары күтүлүп жатат. Орус спортчулары анда Орусиянын атынан эмес, өлкөнүн Олимпиадалык комитетинин желеги менен чыгат. АКШ жана башка бир нече өлкөлөр Олимпиадага дипломатиялык бойкот жарыялаган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG