Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:47

"Кейибе бака, саз биздики": биз билген Мукан Рыскулбеков


Мукан Рыскулбеков белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиевдин "Ак кеме" көркөм тасмасында.
Мукан Рыскулбеков белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиевдин "Ак кеме" көркөм тасмасында.

Эсимде, 1980-жылы декабрь айында Нарын музыкалык драма театрынын экинчи кабатындагы музыка бөлмөсүндө "Долон" эстрадалык үн-аспаптар ансамбли менен жаңы жылдык концерттик программасын даярданып жатабыз. Ансамблдин музыкалык жетекчиси Канат Карамолдоев (биз аны Султан дечүбүз, айтылуу комузчу Карамолдонун небереси).

Ансамблдин ырчысы Роза Заитова ырдап жаткан. Бир маалда каалга тарс ачылып шыңга бойлуу, мурутчан киши кирип келип: "Фальш, нотаны так ырда! Султан, кайра ырдат!",-деп бакылдады. Ачуум келип:

- Сизди ким киргизди!? Кайдан келдиңиз, кетиңиз репетицияга тоскоол болбой? Ким уруксат берди? Чыгып кетиңиз!, -дедим үнүмдү өктөм чыгарып.

- Кейибе бака, саз биздики,-деп күлүп коет. Канат учурашып калды.

- Султан, ырчыларың нота менен так ырдасын. Жакшылап даярдангыла, анан урма аспап катуу болуп атат саал акырынырак чапсын!, -деп кеңешин айтты. Султан болсо бизге:

- Бул обончу, композитор Мукан Рыскулбеков байке, - деп тааныштырды. Аңгыча сырттан кишилер келип:

- Муке, жүрү тигил жакка, балдар даярдана беришсин, - деп Рыскулбековду чакырып кетишти. Чыгып баратып мага:

- Кейибе бака, саз биздики, - деп бакылдап баратат кайран Муке. Бул анын төл сөзү болсо керек деп калдым.

Адегенде ачуум келсе, кийин ойлосом анын айтканы өтө маанилүү турбайбы. "Бака дегени - биз адамдар, саз - жашообуз, биздин коом дегени. Турмушту сазга салыштырганын кантесиң. Ал чыгып кеткенден кийин ырчы Роза:

- Ар кимди киргизбей, жакшылап даярданалычы, бул эмне деген башаламандык, - деп кыр көрсөттү. Мен режиссерлук кылып жаткам. "Кейибе бака, саз биздики" десем балдар каткырып, Роза дагы "бырс" күлүп жиберди. Репетиция уланды. Кийин ал программа мыкты даярдалып. Жаңы жылды кошуп бир жума аншлаг менен өттү.

Курч, тайманбас, өткүр эле

Мукан Рыскулбеков белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиевдин "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" көркөм тасмасында.
Мукан Рыскулбеков белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиевдин "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" көркөм тасмасында.

1990-жылдары Тарых музейинин актовый залында маданият кызматкерлеринин жыйыны өтүп, төрдөгү столдо өкмөттүн өкүлдөрү, Маданият министрлигинин аткаминерлери. Залда өнөр адамдары.

Өкмөттүн өкүлү "мамлекет маданиятка көңүл бурарын" жалындуу сүйлөп, министрликтин аткаминери дагы куру убадалар менен элдин көңүлүн бурду. Аңгыча залдан Мукем тура калып:

- Антебиз-минтебиз дебей маданият кызматкерлеринин айлыгын качан көтөрөсүңөр? Кандай колдоо болот? Конкреттүү айткыла!, - деп опурулду. Бери жактан аткаминерлерге жагынгысы келген бирөө:

- Ой, Мукан! Кое турчу бакылдабай, өкмөттөр сүйлөсүн, - деп тыйды.

- Кейибе бака, саз биздики, - деп Мукем жыйындан чыгып кетти. Салтанаттуу жыйын сууду.

Көп кырдуу талант

Мукан Рыскулбековду азыркы жаш муун жакшы билбеши мүмкүн. Бирок улуу муундагылардан аны кимдер гана билбейт, кимдер гана мукамдуу аваздык көркөм боёктор менен шөкөттөлгөн обондорун ырдабайт. Кимдер гана асылдана рахатка батышпайт.

Айтылуу режиссер Болот Шамшиевдин "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" кинотасмасында жаштардын түнкү оюнунда Мукем жазган (сөзү А.Жакыпбековдуку) "Издеп жүрөм" деген ырын Гүлсүн Мамашева ырдап атканда жанында комуз менен коштоп жаткан жигит Рыскулбековдун өзү болчу. Кинотасмадагы ошол ыр көрөрмандардын көбүнүн эсинде бекем сакталып калды.

Режиссер Геннадий Базаровдун "Көчө" тасмасындагы башкы каарман - Абаз (Ч.Думанаев) "Аппагым" деген ырдын коштоосунда көчө бойлоп келатканы тасманын ажарын ачмак түгүл көркөмдүк деңгээлин көтөргөн. Ал ыр дагы Мукеме таандык.

Мукан байке 1978-1980-жылдары Муса Жангазиев атындагы куурчак театрында иштеп жүргөндө жолуканымда:

- Куурчак театрында иштеген жакшы экен,-деп калды.

- Эмнеге?

- Куурчактарды урушмак түгүл урсаң дагы унчукпайт экен, - деп күлдүрдү эле кайран талант. Куурчак театрында "Жаңыл мырза", "Алдар көсөө" спектаклдеринин музыкасын мыкты жазган. Анын бетке чабар мүнөзү, адилетсиздикке атырылып тийген кыялы айрым аткаминер жетекчилердин айласын кетирип бир жерге туруктуу иштей албай койду окшойт.

Театрдан кетип, кыргыз мамлекеттик телерадио комитетинде ырчы, айнек заводунун клубунда көркөм жетекчи болуп иштеп жүрдү.

1980-жылдары филармониянын алдындагы "Наристе" эстрада үн аспаптар ансамблинин солисти кезинде "Эсте энелер", "Келген жок", "Белгисиз жоокер", "Жаштыгым кайрылып келчи" деген ырлары менен калың журтка таанылып жылдызы жанган. Ал бир нече республикалык кароо-сынактардын жеңүүчүсү, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамы берилген.

Басса-турса "Кейибе бака, саз биздики" деген Мукан Рыскулбеков композитор, ырчы, кино актерлугу менен айырмаланган. Бир нече кинофильмдерге, спектаклдерге музыка жазып, кинотасмаларда роль аткарган. Анын "Ак кеме" тасмасындагы алабарман Сейдакмат - кудум өзүнүн турмуштагы кулк-мүнөзүндөй. Мукемдин "Көчө" тасмасына жазган "Аппагым" деген ыры элдик ырга айланган.

Ал 1942-жылы 7-сентябрда Москва (Жайыл) районунун Жарды-Суу ( Бала Айылчы) айылында туулган. Орто мектепти аяктаган соң М.Күрөңкеев атындагы кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынан эл аспаптар бөлүмүнөн баян классында билим алып, Б.Бейшеналиева атындагы мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн.

Маркум Мукандын обончу, комузчу, киноактер болушуна, шык учкунунун жанышына чоң атасы Рыскулбектин казак домбрасын черткени, атасы Насиркулдун Атайдын “Ой булбул”, “Күйдүм чок” аттуу ырларын ырдаганы, Атайдын “Маш ботойун”, Айдараалынын “Көйрөң күүсүн” төш кыла ж.б. күүлөрдү чертиши уютку болуптур.

Мукан боорун жерден көтөргөндөн шок, өткүр, шайыр өсөт. Мектеп босогосун аттагандан тарта балалайка чертет, кыяк тартат, элдик ырларды ырдайт. Тилекке каршы балалыктын балдай таттуу күндөрү Улуу Ата мекендик согуш жылдарына жана согуштан кийинки оор мезгилге туш келет. Ал балдары кандуу согуштан кайтпай калган жана курман болгон ата-энелердин ботодой боздоп ыйлагандарын, буркурап кошкон кошокторун, жүлүндү өрттөгөн жоктоолорун өз көзү менен көрүп, өз кулагы менен угат.

1965-жылы Советтик Армиянын катарында кызматын өтөп, 1965-70-жылдары жоокерлердин ыр-бий ансамблине катышып, музыкалык аспаптарда ойноп, ырдаганын билебиз. Ошол кезде Москвада СССРдин 50 жылдыгына карата бүткүл союздук аскерлердин фестивалына катышып комузда кол ойнотуп, Атайдын "Маш ботоюн", Айдаралынын "Көйрөң күүсүн", Токтогулдун "Чоң кербезин" катыра ойноп, көрүүчүлөрдүн оозун ачырганын айтканы бар.

Ал 200дөн ашуун обон чыгарган. Анын 1988-жылы "Кубулжу ырларым", 2006-жылы "Мукандын мукам ырлары" аттуу обондуу ырлар жыйнактары жарык көргөн. Кайран талант 2005-жылы дүйнөдөн өттү.

“Аппагым” (сөзү А.Жакыпбековдуку), “Бакыт кушум” (сөзү Т.Юсуповдуку), “Белек” (сөзү Г.Момунованыкы), “Бишкек шаарым” (с. А.Абдылдаеваныкы), “Боогачынын ыры” (с. А.Рыскуловдуку), “Досторума” (с. М.Абылкасымованыкы), “Жаңыл Мырза” (баллада, сөзү Ж.Садыковдуку), “Жаш шофёр” (с. Ү.Жумабаевдики), “Жаштыгым, сен кайда кеттиң” (с. А.Өмүркановдуку), “Кайдасың сен агажан” (с. К.Урмамбетовдуку), “Келген жок” (с. К.Маликовдуку), “Кечиккен кат” (с. С.Эралиевдики), “Койгула кыздар, койгула” (с. М.Өмүрзаковдуку), “Коштошуу вальсы” (с. К.Урманбетовдуку), “Күтүү вальсы” (с. К.Рысалиевдики), “Кыз Бурак” (с. К.Мамбетакуновдуку), “Кытай кызына” (с. Н.Алымбековдуку), “Музыка сыйкыры” (с. Т.Шергазиевдики), “Өмүр шерик жалжалым” (с. И.Мусавдики), “Өчпөгөн жылдыз” (с. К.Мамбетакуновдуку), “О, махабат мени аяба” (с. Б.Карагулованыкы), “Сапарлашыма” (с. У.Аманатовдуку), “Саргарган гүл” (с. Т.Кожомбердиевдики), “Сөз” (с. М.Рысбековдуку), “Сооротуу” (с. К.Урманбетовдуку), “Тунгуч сүйүү” (с. Ш.Дүйшеевдики), “Чын эле мен сени таптымбы” (с. Ж.Алымовдуку), “Ынагым” (с. Т.Тыныбековдуку) ж.б. обондордун автору.

Кечээ коңшум келип, өлкөдөгү окуяларга, бензиндин кымбаттаганына наалып, кейип-кепчип арманын айтып баштаганда Мукан Рыскулбековду эстедим. "Кейибе бака, саз биздики" дедим. Ал дагы жылмайып туруп кетти...

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG