Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:53

Улуу Британиянын парламенти өкмөттү "казакстандык жемкорлорго" чара көрүүгө чакырды


Британ парламентинин алдындагы казакстандык жарандардын акциясы. 3-февраль, 2022-жыл. Лондон, Улуу Британия.
Британ парламентинин алдындагы казакстандык жарандардын акциясы. 3-февраль, 2022-жыл. Лондон, Улуу Британия.

Улуу Британиянын парламентинин мүчөсү Маргарет Ходж британ өкмөтүн коррупцияга каршы салынган санкцияларды бузган казакстандык жемкорлорго карата чараларды күчөтүүгө чакырды. Бул тууралуу пикирин ал 3-февралдагы парламентте “Казакстан: антикоррупциялык санкциялар” деп аталган дебатта билдирди.

Ходж санкция салынышы керек деген он чакты кишинин атын атап, алар акчаны адалдоо үчүн ар кайсы мыйзамсыз иштерди жасап жатканын айтты. Алардын ичинде Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин тушунда каражат тапкан миллиардерлер, бизнесмендер жана анын жакындары да аталды.

Лейбористтер партиясынын ардагери Маргарет Ходж “Британия коррупцияны көрүп туруп, көзүн жуумп келгенин жана Казакстандын режимине акчаны адалдоого жана аны коротуусуна жардам берип келгенин” билдирди. Өз сөзүндө ал Казакстанды “элдин акчасын уурдап байыган клептократиялык элита башкарган өлкө” деп атады. Ал өз элин тоноп келген жемкорлорго катуу санкцияларды салуу керектигин эскертти.

Бул жыйын өтүп жаткан маалда Британ парламентинин алдында казакстандык жарандар акция өткөрүп, Казакстандан чыккан жемкорлорго чара көрүүнү талап кылып жатышты.

Мурдараак ОpenDemocracy.net басылмасы Британиядагы Назарбаевдерге тиешелүү мүлктөр жөнүндө баян чыгарган. Анда Chatham House аналитикалык компаниясынын соңку отчётуна ылайык, Казакстандын башкаруучу элитасы Лондондо ээлик кылган мүлк 530,4 миллион фунт стерлинг турары айтылган. Анын 330 миллион фунт стерлинг көлөмүнө туура келген мүлк Назарбаевдердин үй-бүлөсүнө таандык. Алар мурдагы президенттин кызы Дарига Назарбаева, анын уулу Нурали Алиев, Назарбаевдин миллиардер күйөө баласы Тимур Кулибаев жана Назарбаевдин бизнесмен кудасы Кайрат Боранбаев. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG