Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:07

YouTube Донбасстагы жикчилдерди колдогон каналдарды жапты


“Донецк Элдик Республикасынын" автоматка чапталган эмблемасы.
“Донецк Элдик Республикасынын" автоматка чапталган эмблемасы.

Google корпорациясынын YouTube видеохостинги “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп аталган орусиячыл жикчилдерди колдогон бир нече каналдарды жапты.

Бөгөт коюлган каналдардын ичинде аталган тараптардын Элдик милициясы, Маалымат министрлиги, “Луганскмаалыматборбор”, “ЛНР” телерадиокомпаниясы сыяктуу бир нече каналдар бар.

Украинанын чыгышындагы согуштук аракеттерден кийин ошол аймактагы орусиячыл жикчилдер 2014-жылдын апрель айында эки облустун аталышын “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп жарыялашкан. Москва Украинага карата агрессияны жана жикчилдерди колдогонун төгүндөп келет. Эки аймакты тең бир да өлкө мамлекет катары тааныган эмес, алар экөө биригип Донбасс деп да аталат.

Украинанын Крым жарым аралын да Орусия 2014-жылы мыйзамсыз аннексиялап, өзүнө кошуп алган. Бул чөлкөмдөгү орусиялык жикчилдер менен украин өкмөттүк армиясынын кагылышуусунан ушул кезге чейин 13 миңдей адам каза болду. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG