Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:08

Чукул кабар: кар көчкү түшүп, күрткү пайда болушу мүмкүн


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Кыргызгидромет" агенттиги аба ырайына байланыштуу шашылыш кабар таратты. Ага ылайык, 6-февралда күндүз жана 7-8-февраль күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы болот, көпчүлүк аймактарда кар жаайт.

Мындан улам 7-9-февраль күндөрү Бишкек-Ош жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука - Каныш-Кыя жолунун 71-99 чакырымдарында жана Красная Горка - Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында кар көчкү түшүп, кар күрткү пайда болушу мүмкүн.

Кан жолдордо машинелердин ортосундагы 500 метр аралык сакталышы керек.

Кыргызстанда 5-февралда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз кар жаабайт. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши ыктымал. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз 5…10;

Талас облусунда түнкүсүн -3...-5, күндүз 4…9;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 6…10;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -1...+4;

Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -4…-9;

Бийик тоолордо түнкүсүн -29…-34, күндүз -11…-16 градуска чейин төмөндөйт.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз 2…4 градус болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG