Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:56

Бишкектеги кайра шайлоо: БШК төрт талапкерди каттады


Борбордук шайлоо комиссиясынын имараты.
Борбордук шайлоо комиссиясынын имараты.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 17-январдагы отурумунда Жогорку Кеңешке Бишкектеги эки округ боюнча кайра шайлоого төрт талапкерди каттады.

№27 Биринчи май округу боюнча Элвира Сурабалдиева, Нурбек Токтакунов жана №29 Свердлов округу боюнча Бакыт Бакиров менен Улукбек Тургунбаев катталды. Алар Боршайкомго бардык тиешелүү документтерди берип, 100 миң сом шайлоо күрөөсүн да төктү.

Бул эки округда 2021-жылдын 28-ноябрындагы шайлоодо “баарына каршы” деген добуштар эң көп болгондуктан быйыл 27-февралга кайра шайлоо дайындалган.

Боршайкомго кайра шайлоого катышуу үчүн 32 киши билдирме берди. Арасында алтынчы чакырылыштын депутаттары Ирина Карамушкина, Рыскелди Момбеков жана Шайлообек Атазов бар.

Шайлоого катышарын мурдагы башкы прокурор Аида Салянова да билдирген.

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышында 120 депутат болгон. 29-декабрда ишин баштаган жетинчи чакырылыш 90 депутаттан турат.

Алардын 54ү партиялык тизме менен шайланып келди. 36сы өлкө боюнча түзүлгөн округдардан бирден шайланат, азырынча парламентте 34 округдун өкүлү иштеп жатат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG