Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:51

Бишкек: Эки округдагы парламенттик кайра шайлоого катышчулар 32ге жетти


Боршайком имараты.
Боршайком имараты.

Жогорку Кеңешке Бишкектеги эки округ боюнча кайра шайлоого катыша турганын расмий билдиргендер 32ге жетти. Борбордук шайлоо комиссиясынын 15-январдагы маалыматына караганда, №29 Свердлов округу боюнча 19, №27 Биринчи Май округу боюнча 13 адамдан талапкер болуп катталуу тууралуу арыз түштү.

Аталган эки округда 2020-жылдын 28-ноябрындагы шайлоодо “баарына каршы” деген добуш эң көп болгондуктан 27-февралга кайра шайлоо дайындалган.

БШКга билдирме тапшыргандар арасында алтынчы чакырылыштын депутаттары Элвира Сурабалдиева, Ирина Карамушкина, Шайлообек Атазов жана Рыскелди Момбеков бар.

Шайлоого катышарын мурдагы башкы прокурор Аида Салянова да билдирген.

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышында 120 депутат болгон. 29-декабрда ишин баштаган жетинчи чакырылыш 90 мандаттан турат. 90 депутаттын 54ү партиялык тизме менен шайланып келди. 36сы өлкө боюнча түзүлгөн округдардан бирден шайланат, азырынча парламентте 34 округдун өкүлү иштеп жатат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG