Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:54

17-январдын аба ырайы


Кыргызстан.
Кыргызстан.

17-январда түнкүсүн Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, Жалал-Абад облусунун тоолорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Талас Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолордо кар жаайт, Ысык-Көл облусунда жаан-чачын жаабайт. Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын көп жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.​

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 4…9;

Талас жергесинде түнкүсүн -1...+4, күндүз 4…9;

Баткен облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 5...10;

Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 1…6, күндүз 6…11;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8;

Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз 0…-5;

Бийик тоолордо түнкүсүн -18…-23, күндүз -3…-8;

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5, күндүз 5…7 градус жылуу болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG