Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:30

Тынч океанда жанар тоо атылган аймакта абал оор экени кабарланды


Тонга аралчасынан тартылган сүрөт.
Тонга аралчасынан тартылган сүрөт.

Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн Тынч океанда жер алдындагы жанар тоо атылгандан кийинки бороон (цунами) Тонга өлкөсүнө олуттуу зыян алып келгенин билдирди.

Хунга-Тонга-Хунга-Хаапай жанар тоосу 15-январда атылып, тегерегиндеги аралдардын жээгинде бийиктиги бир метрден ашкан толкундарды пайда кылган. Алардан эң көп жабыркаганы Тонга королдугу болууда.

Чоң толкундар Жаңы Зеландиянын жээктерине да жеткен. Өлкөнүн өкмөт башчысы Ардерн 16-январда Тонганын борбору Нукуалофа шаарындагы элчилик менен байланышканда абал оор экени, кайыктар жээкке сүрүлүп чыкканы, айрым райондор менен байланыш жок болуп жатканы тууралуу маалымат алганын билдирди.

Анын айтымында, Жаңы Зеландия Тонгага куткаруучу учагын жөнөтө албай жатат, себеби жанар тоо атылгандан кийин пайда болгон күл 19 миң метр бийиктикке чейин көтөрүлүп турат. Эгер абал турукташса учактар 17-январда жөнөтүлөт.

Тынч океандагы Тонга аралчасынын калкы 100 миңдей адам. (RK)

XS
SM
MD
LG