Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:49

Техаста барымтага алынган төрт адам бошотулду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын Техас штатында 15-январда синагогада барымтага алынган төрт адамдын баары аман куткарылганын штаттын губернатору Грег Эбботт билдирди. Полициянын маалыматына караганда, “Ал-Каида” террордук уюму менен байланышы бар деп шектелип жаткан пакистандык аялды абактан бошотууну талап кылган адам төрт жергиликтүү тургунду барымтага алган. Ал күч кызматкерлерине каршылык көрсөткөн.

Полиция башчысы Майкл Миллер журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып “адамдарды барымтага алган кылмышкер каза болду” деп билдирди. Окуя синагогада диний иш-чара өтүп жаткан учурда болгон.

“2010-жылы Ооганстанда америкалык аскерлерди өлтүрүүгө аракет кылган” деген айып менен 86 жылга эркинен ажыратылган пакистандык нейробиолог Аафия Сиддики жаза мөөнөтүн Техастагы абакта өтөөдө.

АКШнын Федералдык иликтөө бюросу барымтага алган адамдын ал аял менен байланышы бар же жогу тууралуу так маалымат тергөө аяктагандан кийин айтыларын, иликтөө глобалдык негизде жүрөрүн билдирди. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG