Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:32

Күрөш боюнча Кыргызстандын чемпиондору аныкталды


Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча чемпионаты. 130 килограммга чейинки салмакта финалда Мурат Рамонов (кызыл кийимчен) менен Роман Ким (көк кийимчен) финалда беттешүүдө. 16-январь, 2022-ж. Бишкек.
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча чемпионаты. 130 килограммга чейинки салмакта финалда Мурат Рамонов (кызыл кийимчен) менен Роман Ким (көк кийимчен) финалда беттешүүдө. 16-январь, 2022-ж. Бишкек.

13-январдан 16-январга чейин Бишкектеги Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркин күрөш жана грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпиондору аныкталды.

Жаштар иштери, дене тарби жана спорт боюнча департаменттин маалымат кызматы билдиргендей, чемпионатка өлкө аймактарынан 600дөн ашуун балбандар катышып, 10дон салмакта байгелер ойнотулду.

Жыйынтыгында эркин күрөштөн Алмаз Сманбеков (57 кг), Улукбек Жолдошбеков (61 кг), Алибек Осмонов (65 кг), Эрназар Акматалиев (70 кг), Исламбек Орозбеков (74 кг), Арсалан Будажапов (79 кг), Саякбай Усупов (86 кг), Мирлан Чыныбеков (92 кг), Арзуубек Карыбеков (97 кг) жана Музафар Жаппуев (125 кг) чемпион аталды.

Грек-рим күрөшү боюнча таймаштарда Акыйкат Кулжигит уулу (55 кг), Нурмухаммед Абдуллаев (60 кг), Тынар Шаршенбеков (63 кг), Марлен Асикеев (67 кг), Адилхан Нурланбеков (72 кг), Акылбек Талантбеков (77 кг), Калидин Асыкеев (82 кг), Мелис Айтбеков (87 кг), Үзүр Жусупбеков (97 кг) жана Мурат Рамонов (130 кг) өлкө чемпиону болушту.

Чемпионаттын жүрүшүндө Күрөш федерациясынын өкүлдөрү жана ишкерлер тарабынан Олимпиада, Дүйнө чемпионаттарында байгеге ээ болгон балбандар Айсулуу Тыныбековага бир бөлмөлүү эки батир, Эрназар Акматалиевге эки бөлмөлүү батир, Акжол Махмудовго эки бөлмөлүү батир жана автоунаа, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Алибек Осмонов, Жоламан Шаршенбеков жана Бекболот Мырзаназар уулуна Бишкек шаарынан бир бөлмөлүү батирлер берилди.

Ошондой эле эркин күрөш боюнча Азия чемпионатынын коло байгесинин ээси, бир нече эл аралык мелдештерде байге уткан Икромжон Хажимуратовго Ош шаарынан эки бөлмөлүү батирдин ачкычы тапшырылды. Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Азат Эркимбаев жана кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабековго Бишкек шаарынан бир бөлмөлүү батирлердин ачкычтары берилди.

Андан сырткары машыктыруучулар Чынарбек Изабеков, Билимбек Капаров, Арсен Эралиев, Улукбек Карачолоков жана Канатбек Сыдыкбековго “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу”, эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын күмүш байгесинин ээси, эркин күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпиону Эрназар Акматалиевге (70 кг) "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери" наамы ыйгарылды. Бир нече машыктыруучулар жана спорт ишмерлери дене тарбия жана спорт тармагынын отличниги наамына жана акчалай сыйлыкка ээ болушту. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG