Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:36

Парламенттеги сын: Талант Мамытов менен Эдил Байсалов жолукту (видео)


Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов жолугуп, парламентте өкмөт өкүлүнүн дарегине айтылган сын-дооматты талкуулашты. Байсалов "Азаттыкка" комментарий берип жатып, алар бул маселеде өз ара түшүнүшкөнүн билдирди жана анын кыргызча маегинин айрым жерлери орусчага которулганда мааниси бурмаланып калганын айтты.

"Эл шайлаган депутаттардын ишине, функциясына шек келтирүүгө, кийлигишүүгө, атайын чагымчылдык кылууга эч кандай укугум да, ниетим да жок. Жогоку Кеңешти сыйлайбыз, кызматташууга даярбыз",-деди ал.

Парламенттеги сындан кийин Байсалов спикер менен жолукту
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:16 0:00

Жогорку Кеңештин 3-февралдагы жыйынында депутат Нурлан Шакиев Байсаловдун парламент тууралуу айткандарын сынга алган. Аны тартипке чакыруу тууралуу өкмөт башчыга жана президенттин парламенттеги өкүлүнө кайрылган. Депутат Исхак Масалиев да кызмат адамдарына парламентти сындоого мыйзам тыюу саларын, Байсаловго чара колдонулушу керектигин билдирген.

Депутаттардын сунушу менен спикер президенттин жана Министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, бул жагдайды териштирип, анын жыйынтыгы тууралуу маалымат берилишин суранган. Ошондой эле Жогорку Кеңештин аппаратына протоколдук тапшырма берилген.


Байсалов Жогорку Кеңеште аны сындаган, тартипке салууну жана чара көрүүнү талап кылган депутаттарга жооп кайтарган. Ал "Твиттердеги" барагына "Менин дарегиме сын айткан депутаттарыбыздын көбү жаңы Конституция менен жашап жатканыбызды түшүнө электей. Бир да мамлекетте, демократиясында да, коңшуларда да жума сайын жалпы жыйында чукул талкуу өткөрүлбөйт. Мен ошону айтайын дегем", - деп жазган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG