Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:05

“Газпром” директорлор кеңешине Кулибаевдин ордуна Германиянын экс-канцлери сунушталды


Тимур Кулибаев.
Тимур Кулибаев.

Орусиянын мамлекеттик “Газпром” компаниясынын директорлор кеңешине Тимур Кулибаевдин ордуна Германиянын мурдагы канцлери Герхард Шредердин талапкерлиги сунушталды. Бул тууралуу маалымат компаниянын расмий сайтына 4-февралда жарыяланды.

Энергетикалык гигант саналган “Газпром” жаңы директорлор кеңеши июнь айынын аягында өтө турган акционерлердин жылдык жыйынында шайланарын маалымдады. Талапкерлердин тизмеси бекитилген, анда 11 киши бар.

Герхард Шредер 1998-2005-жылдары Германиянын канцлери болгон. Ал Орусиянын президенти Владимир Путиндин досу деп айтылып жүрөт. Шредер учурда швейцариялык Nord Stream AG компаниясынын акционерлер комитетинин төрагасы болуп саналат. Бул компания Балтия деңизи аркылуу Орусиядан Германияга газ алып өткөн “Түндүк агым” газ куурун башкарат.

Тимур Кулибаев Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы Динара Назарбаеванын (кийин Кулибаева болгон) күйөөсү. Ал Kazenergy компаниясынын башкармалыгынын төрагасы катары “Газпромдун” директорлор кеңешине 2011-жылы кирип, ошондон бери иштеп келген. Казакстандагы соңку кандуу окуялардан кийин ал Казакстандын ишкерлеринин “Ата мекен” Улуттук палатасынын төрагалыгын да тапшырган.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев январдын башындагы окуялардан кийин мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин жакындарын жана башка кадрларын кызматтан ала баштаган. Токаев билдирүүлөрүндө Назарбаевдин тушунда өлкөнүн байлыгын бир ууч гана адам ээлеп, байып келгенин айткан эле.

Бийликтин расмий маалыматына ылайык, январдын башында Казакстандагы тополоңдо 227 киши өлүп, он миңден ашуун адам кармалган. Укук коргоочулар бул сан алда канча көп болушу мүмкүн экенин боолгошот. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG