Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:57

Данияда Ирандын тыңчылыкка айыпталган үч жараны соттолду


Даниянын соту.
Даниянын соту.

Даниянын соту ирандык жикчил топтордун үч мүчөсүн "Иранда террорчулукту жайылткан жана Сауд Арабиясынын чалгын кызматтарына тыңчылык кылган" деп тапты.

Кармалган адамдар "Ахвазды боштондукка чыгаруу боюнча араб кыймылынын" (ASMLA) мүчөлөрү болгону айтылып, "Даниядагы жарандар жана уюмдар жөнүндө маалымат топтоп жүргөн" деп айыпталган эле.

Соттук кароо “чет элдик державаларга байланыштуу жана айыпталуучулар менен башка жарандардын коопсуздугу үчүн” жабык эшик артында өттү. Айыпталгандар күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Үч жаран тең 2020-жылы кармалган. Алар Даниянын мыйзамдарына ылайык, 12 жылга чейин камалышат. Сот өкүмү келерки айда жарыяланары кабарланды.

ASMLA – "Ахвазды боштондукка чыгаруу боюнча араб кыймылы" Ирандын батыш тарабындагы Ахваз аймагында көз карандысыз мамлекет куруу идеясын карманган жикчил топ. Алар бул максаты үчүн ар кайсы өлкөлөрдө жана Иранда ири терактыларды уюштурган. 2018-жылдын 22-сентябрында Ахваз шаарында аскерий парад учурунда элге ок атууга жоопкерчилик алган. Анда 24 киши каза таап, 60тай киши жараат алган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG