Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:31

Эрдоган менен Зеленский Москва-Киев ортосундагы кырдаалды талкуулады


Украин лидери Владимир Зеленский жанаТүркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган. 3-февраль, 2022-жыл.
Украин лидери Владимир Зеленский жанаТүркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган. 3-февраль, 2022-жыл.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 3-февралда Киевге барды. Ал украин лидери Владимир Зеленский менен Москва-Киев ортосундагы кырдаалды талкуулады.

"Мен мурда эле белгилегендей, Түркия эки мамлекеттин ортосундагы кризиске чекит коюу үчүн баардыгын кылууга даяр. Биз кубануу менен лидерлердин деңгээлинде же техникалык делегациялардын деңгээлинде жыйын өткөрүп бере аларыбызды бүгүнкү сүйлөшүүдө да билдирдим",-деди Эрдоган.

Эрдоганга чейин Киевге НАТОго мүчө Британия, Польша жана Нидерланддын лидерлери келип кетишкен. Анкара эки тарап менен тең жакшы алакаларды сактап келет.

Орусия Украина менен чек арасына 100 миңден ашуун аскерин жана техникасын топтогондон кийин Москва кошуна өлкөгө кол салууну пландап жатат деген кооптонуу күчөдү. Кремл Украинага басып кирүүнү көздөйт деген дооматты четке кагып, бирок куралдуу күчтөрүн алып кетүү үчүн Батыштан “коопсуздук кепилдиктерин” талап кылган.

Москва "Украина НАТОго кирбейт, орус чек арасына жакын жерлерге аскердик системалар орнотулбайт, блоктун күчтөрү Чыгыш Европадан алыстатылат" деген шарттарды койгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG