Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:24

Өзбекстанда "Тик-Токко" бөгөт коюу сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын "Адолат" партиясы TikTok социалдык тармагына бөгөт коюуну сунуштады. Партиянын активисттери мындай демилге "жаштарды элге жат көрүнүштөрдөн жана көз караштардан коргоо максатын" көздөгөнүн айтууда.

"Жакында эле болгон жагымсыз окуяны эске алуу менен керек болсо биз интернетте пайдадан дагы зыяны көбүрөөк мобилдик тиркемелерди толугу менен өчүрүп салышыбыз зарыл",-деп жазылат партиянын билдирүүсүндө.

Мурдараак TikTok социалдык тармагында улгайган кишини башка тээп качып кеткен өспүрүмдүн видеосу жайылган. Ошондой эле кан жолдун так ортосунда аш жеп отурган баланын видеосу чыккан. Ташкенттин ички иштер башкармалыгы баланын апасы айып пулга тартылганын билдирди.

Мекеме түшүндүргөндөй, бала өзүнүн жана башкалардын өмүрүнө коркунуч келтирип, эрежелерди тоготпой койгон. TikTok тиркемеси былтыртан баштап Өзбекстанда ачылбайт. Кийин айрым колдонуучулар ачылып баштаганын билдиришкен. 2021-жылдын соңунда улуттук маалымат каражаттарын өнүктүрүү жана колдоо боюнча коомдук фондунун төрагасы Комил Алламжонов "Тик-Токтун" вице-президенти Тео Бертрам менен онлайн сүйлөшүү өткөргөн.

Алламжонов социалдык тармактын жетекчилигине "Тик-Токту" өзбек баалуулуктарына жана менталитетине ылайыктап, ички саясатты карап чыгууну сунуштаган.

TikTok социалдык видеотармагынын дүйнөнүн 150 өлкөсүндө бир миллиарддай колдонуучусу бар жана анын 80 миллионго жакыны АКШга туура келет.

Бул соцтармакка колдонуучулар 15 секундалык ыр-күү жана анимация менен коштолгон кыска видеолорду жүктөшөт.​

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG