Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:13

Бектурганов: Кыргызстан COVID-19дун төртүнчү толкунунун чегинен өттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы күрөшүү штабынын жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Улукбек Бектурганов коронавирус жуккан учурлар, ооруканага жаткырылган бейтаптардын санына карап өлкө вирустун төртүнчү толкунунан чегинен өттү деп айтса болорун маалымдады.

Жыйында Кыргызстандын аймагына келген жарандардан ПЧР-тест талап кылуу эрежесин алып салуу жагы да каралды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жакынкы күндөрү өлкөдө карантин чаралары жеңилдей баштарын билдирди.

Соңку бир күндө COVID-19дан төрт бейтап каза болду, вирус дагы 243 адамдан аныкталды. Ооругандардын эң көбү (124 адам) Бишкекте катталды, андан кийинки орунда Чүй облусу (56 адам) турат.

Ушуну менен өлкөдө пандемия башталган эки жыл ичинде вирус жугузуп алгандардын жалпы саны 200 миңге чамалады, оорудан 2893 киши көз жумду.

Азыр ооруканаларда 961 бейтап жатат, 372 адамдын абалы оор, дагы 500дөн ашык кишинин абалы орточо оор. 4 миңден ашуун адам үйүндө дарыланууда.

Былтыр марттан бери вируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алгандардын жалпы саны 1,3 миллиондон ашты. Экинчи дозасын алгандар 1,1 миллионго чукулдады. Саламаттык сактоо министрлиги жашы 60тан өткөн адамдарды бустердик дозаны (вакцинанын 3-дозасы) алууга чакырууда.

Коронавируска каршы бустердик дозаны алуу аралыгы төрт айга кыскартылган. Мурда бул аралык алты ай деп белгиленген эле. Үчүнчү доза менен эмдөө былтыр жыл аягында башталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG