Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:23

Кыргыз-түрк достук ооруканасын кыргыз тарап башкарат


Кыргыз-түрк достук ооруканасы.
Кыргыз-түрк достук ооруканасы.

Бишкектеги кыргыз-түрк достук ооруканасын башкаруу кыргыз тарапка берилгенин Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Ооруканага жаңы жетекчи болуп Осмонали Масалиев дайындалды.

Буга чейин Бишкек шаарында курулган оорукананы Кыргызстан менен Түркия үч жыл чогуу башкара турганы айтылган.

2016-жылдын июнь айында курула баштаган оорукана 2017-жылы аяктап, иштей баштамак. Бирок ар кандай себептер менен толук ачылган эмес. Ал өз кезегинде бир топ нааразылык жараткан. 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу оорукана убактылуу ачылган.

Масалиев кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда, Түркиядагы Хожатепе университетинин медициналык факультетинде жана Иса Ахунбаев атындагы медициналык академияда окуган. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда, Ахунбаев атындагы медициналык академияда иштеген. Кыргыз, орус, түрк жана англис тилин билет. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG