Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:33

"Немономиф": Окумуштуулар изилдеген маңкуртчулук


"Немономиф" журналы.
"Немономиф" журналы.

Кыргызстанда жарык көрүп жаткан "Немономиф" журналынын үчүнчү саны маңкуртчулук темасына арналды. Басылма “Эсимде” изилдөө аянтчасы тарабынан кыргыз жана орус тилдеринде басылып чыгып, Борбор Азия чөлкөмүндөгү тарыхый изилдөөлөр, маданият жана тил маселелери боюнча макалаларды жарыялап жатат.

Журнал коомчулукка кеңири тарай элек. Ошондуктан биз журнал жана анда көтөрүлгөн темалар тууралуу учкай кеп кылабыз.

Эмне үчүн “Немономиф”?

Журналдын түзүүчүлөрүнүн бири, тарыхчы Гүлзат Алагөз кызы анын кызыктуу аталышын мындайча чечмеледи:

Гүлзат Алагөз кызы.
Гүлзат Алагөз кызы.

“Немономиф” деп аталышынын себеби - дүйнөдө бир чындык, бир миф же бир эс тутум жок. Мономиф же жалгыз миф – бардык мифтердин бир сюжеттик структурасы. Биз бир идеология, бир тарых, бир чындык дайыма үстөмдүк кылган коомдо жана мамлекетте жашайбыз. Ошондуктан биз бир мифтен, бир идеологиядан баш тартабыз. Анткени тарых бийлик тарабынан жазылат, ал эми куугунтукталгандар унутта калат. Азчылык же алсыз коомдун акторлоруна адилеттүү мамиле кылуу үчүн, ар бир адамдын чындыгын угуу зарыл”.

Журналдын идеясы антрополог Зарина Урманбетовага таандык. Ал эмгектин алгачкы 1-2-басылышынын түзүүчүсү да болгон.

Зарина Урманбетова.
Зарина Урманбетова.

“2018-жылы “Эсимде” долбоорунун алгачкы семинарына катышкан кезимде ушул журналды чыгарууну сунуш кылгам. Анткени биздин өлкөдө илимге арналган журнал ачууну кыялданчумун. Бирок журналдын тилин, негизги маани-маңызын илимий кылсак, жалпы коомчулук үчүн бир аз оор болуп калчудай. Анан кесиптештер менен кеңешип, ушундай форматта чыгарууну көздөдүк. Албетте, “Эсимде” долбоорунун жетекчиси Элмира Ногойбаеванын да колдоосу зор болду. “Немономифтин” багыты биздин өтмүшүбүздү ар кайсы тараптан изилдөөгө арналган. Эгерде биз өтмүшүбүздү түшүнбөсөк, азыркы учурубузду жана келечегибизди түшүнүп, туура кадам таштай албайбыз. Журналдын аталышын изилдөөчү Айжаркын Кожобекова сунуш кылса, логосун, дизайнын сүрөтчү Наталья Андрианова жасаган".

Маңкуртчулук темасы

"Немономиф" журналы.
"Немономиф" журналы.

Журналдын жаңы санында “маңкурт” сөзүнүн тарыхын коомдук ишмер Роза Айтматова баяндап берет.

Ал бир тууган агасы, атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматов кыргыз адабиятына “маңкурт” сөзүн чыгармасында колдонуп, кийин бул термин кантип кеңири колдонулуп калганы тууралуу айтып берген.

"Маңкурт деген сөздүн айланасында көптөгөн талаш-тартыштар болгон. Бирок Чыңгыз Төрөкуловичтин өзүнүн айтуусуна караганда, манасчы Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча "Манас" эпосунда мындай эпизод баяндалат: "Кыргыздардын душманы болгон калмактар бир көзү ачыктан кыргыздарда Манас аттуу болочок баатыр, өз элинин жол башчысы жана коргоочусу туулгандыгын угушат. Бул окуя келечекте калмактар үчүн коркунуч жаратышы мүмкүн эле. Ушул себептүү алар: "Балким, Манасты бала чагында эле майып кылып коёлу, ошондо келечекте элин коргоого жана калмактарга зыян келтирүүгө жөндөмдүү боло албайт" деп кеңешет. Ал жерде "Баланы кармап алалык, башына шири салалык" деген саптар бар".

Андан ары Роза Айтматова макаласында төмөнкүдөй маалыматтарды берет:

"Юдахиндин сөздүгү боюнча "шири" – жазалоо үчүн башка кийгизилген бодо малдын ашатылбаган терисинен жасалган топу (жазалоонун бир түрү: тери кургаган сайын башты кысып, катуу ооруну пайда кылган). Ч.Айтматов романында ширини мындай деп сыпаттайт: “Шири – жаңы союлган төөнүн оор, калың моюн терисин бөлүктөргө бөлүп, чачы жаңы кырылган туткундардын башына жабыштыруучу пластырлардын жардамы менен дароо жылуу кезинде кийгизишкен. Шири кийгизди дегендин мааниси ушундай. Мындай процедурага дуушар болгон адам же кыйноону көтөрө албай жан берген, же болбосо өмүр бою акылдан азып, маңкуртка айланган.

Чыңгыз Төрөкулович эки сөздү кошуп колдонгон: маң + курт. Курт – кадимки эле курт. Маңкурт – мээси жок келесоо. Ошентип, эки түшүнүктүн айкашы "маңкурт" терминин пайда кылган.

Маңкурт – эс тутумунан ажыраган киши деген маанини берет. Азыркы учурда аталган термин тарыхый эс тутумду, руханий баалуулуктары менен багытын жоготкон. Өз эли менен байланышын үзгөн адамга карата колдонулат. Бул маанисинде "маңкурт" сөзү жалпыланып, публицистикада колдонулуп келет. Орус тилинде "манкуртизм", "манкуртизация", "деманкуртизация" сыяктуу неологизмдер пайда болду".

Баркталбаган баалуулук

Ошондой эле журналдын бул санында тарыхчы Элери Битикчинин “Советтик мезгил жөнүндөгү оозеки окуялардагы куткаруучу нарративи” аталышындагы макаласы, Ош мамлекеттик көркөм сүрөт музейинин директору Бактыгүл Мидинованын “Башка музей” аттуу изилдөөсү жайгашкан. Мындан сырткары кыргызстандагы эстеликтер жөнүндө да макалалар чыккан.

Тарыхчы Бактыгүл Мидинова “Башка музей” аттуу макаласы тууралуу төмөнкүдөй маалымат берди:

Бактыгүл Мидинова.
Бактыгүл Мидинова.

“Союз убагында Ош облусунун Кара-Суу районунда Хайтахун Таширов атындагы колхоз болгон. Колхоздо учурунда дыйкандардын билимин, маданий көз караштарын жогорулатуу үчүн клуб ачылып, анын ичинде көркөм сүрөт музейи да түзүлгөн экен. Музейдин башында Советтер Союзунун эки жолку эмгек баатыры Хайтахун Таширов өзү турган. Союз учурунда колхозчулар жумуштан кийин эс алуу үчүн клубга келип, концерт көрүп, музейдеги сүрөттөрдү көрүп, эс алууга шарт түзүлгөн экен. Кийин союз жоюлуп кеткенден кийин колхоздун ордуна кооператив түзүлүп, бирок анын иши жакшы болбой, музей каралбай калат. Клубдун имараты да бузулуп, музейдеги сакталган буюмдар Таширов айылындагы мектепке берилет. Көркөм чыгармалардын бир бөлүгү мен азыр эмгектенип жаткан Ош облустук көркөм сүрөт музейине берилсе, калгандары белгисиз бойдон калган. Менин изилдөөм ушул жаатта болду”.

Мидинова ошол кезде музейди көрүп калган адамдар менен маек куруп, эски колхозго да барып келген. Азыркы учурда айыл өкмөтү клубдун имаратын сактап калуу багытында кандай иш-аракеттерди көрүп жатканы менен таанышып, макалада буларга кенен токтолгон.

“Аргымак минген эстеликтер өлкөсү”

Журналдын соңку басылышына редакциялык кеңешинин мүчөсү, тарыхчы Гүлзат Алагөз кызы бир тууган агасы, ЕККУ Академиясынын магистранты Азамат Алагөз уулу менен биргеликте “Аргымак минген эстеликтер өлкөсү” аттуу макала-баянын жарыялаган.

Анда бир тууган изилдөөчүлөр Кыргызстандагы эстеликтердин тарыхы, мааниси тууралуу баяндап берген. Алар өлкөдөгү эстеликтер тууралуу макаласын төмөнкүдөй үч бөлүккө бөлүп алышкан:

  • Совет учурундагы эстеликтер
  • Эгемендүүлүк алгандагы мамлекет тарабынан курулган эстеликтер
  • Эгемендүүлүк учурдагы жергиликтүү калктын демилгеси менен курулган эстеликтер
Кыргызстандагы баатырлардын эстеликтери.
Кыргызстандагы баатырлардын эстеликтери.

“Эгемендүүлүк алгандан кийинки учурдагы эстеликтердин эң башкы максаты эс тутум саясатын жүргүзүү. Ошондуктан биздин мамлекет Манас, Барсбек, Мухеммед кыргыз, Ормон хан, Алымбек датка өңдүү улуттун баатырларынын эстелигин борборго жана региондорго коё баштаган. Ооба, чынында мамлекеттин бул кадамы эгемендүүлүктү айгинелеген саясаты болгон дейли. Бирок, ошол эле учурда кыргыздар илгери эстелик койбогондугун да четке кага албайбыз. Эстелик коюу жөрөлгөсү совет өлкөсүнөн калган. Анан биз азаттыгыбызды даңазалайбыз деп, кайра эле колониянын саясатына кайтып жатабыз. Маселен, кыргыздар түрк доорунда балбал таштарды койгон, кийин ислам дини бизге келгенден кийин өлкөбүздүн аймагында эстеликтер коюлган эмес. Демек, биз эгемендүүлүктү алгандан кийин деле колонизатордун алып келген атрибутун колдонуп жатканыбызды макалабыз аркылуу түшүндүрдүк”,– дейт Гүлзат​ Алагөз кызы.

Гүлзат Алагөз кызы жана Азамат Алагөз уулу.
Гүлзат Алагөз кызы жана Азамат Алагөз уулу.

Изилдөөчү мындан сырткары азыркы учурда уруулук эстеликтер көбөйүп жатканынын себептерине да токтолду.

“Мисалы, мен Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кызыл-Туу айылынан болом. Биздин айылдын кире беришинде Алыбек деген баатырдын эстелиги турат. Аны мамлекет курган эмес, уруулаштар өз ара кеңешип, каражат топтоп эле тургузуп коюшкан. Өлкөдөгү жергиликтүү калктын өз ара эстеликтерди коюп жаткандыгы мамлекеттин алсыздыгын түшүндүрөт. Анткени биз жалпы тарыхыбыз менен сыймыктана албай калганда гана өзүбүздүн уруу башчыларын, баатырларын гана даңктай баштайбыз. Бул микроиденттүүлүккө жол ачат”.

Тарыхчы Гүлзат​ Алагөз кызы өз сөзүндө маанилүү маалыматтарды жарыялап жаткан журнал тууралуу эл кеңири билиши үчүн атайын таанытым өткөрүүнү пландап жатышканын кошумчалады.

Журналдын 1-2-басылышы адамзаттык эс тутумга арналып, ага айрым чет өлкөлүк изилдөөчүлөрдүн да маектери камтылган. Маселен, Жорж Вашингтон университетинин Европа, Орусия жана Евразия изилдөөлөр институтунун (IERES) директорунун орун басары, профессор Марлен Ларуэль пост-колониалдык коомдор, деколониализм сыяктуу темалардын тегерегинде сөз кылган.

Анда тарыхчы-антрополог Зарина Урманбетованын “Изилдөөчүлөр, окумуштуулар изилдөөлөрүнүн антисоветтик, антиорустук жана деги эле куугунтуктоочу абалга түшүп калбаш үчүн эмне кылуулары керек?” деген суроосуна профессор Марлен Ларуэль төмөнкүдөй жооп берген:

Марлен Ларуэль.
Марлен Ларуэль.

“Орто Азиянын “де-колониалдашуусу” тууралуу жүрүп жаткан талкуулардагы бирден бир чоң маселе - кишилердин курмандык, өздөрү жасай албаган тарыхтын пассивдүү объектиси катары позициялануусу. Биринчиден, эч ким эч качан пассивдүү курмандык катары эсептелбейт, ар бир киши өз тагдырынын кайсы бир элементтери үчүн чечим чыгара алат. Канчалык чектелген түзүм болсо дагы, кырдаалдарды башкарууга жана айланасында болуп жаткан нерселерге маани берүүгө мүмкүнчүлүк бар. Ар биринин, жеке кишилердин жана жалпы калктын орду, ролу бар. Экинчиден, мындай нерсе калкка карата позитивдүү жана конструктивдүү баяндарды жарата албайт, мисалы: балдарды калк өз тарыхынын актору (жасоочу, жаратуучу) боло албаган, курмандык катары сүрөттөгөн китептер менен окутуу патриоттуулукту жана коомдук милдеттенмени түзүүгө жардам бербейт. Үчүнчүдөн, орто азиялыктар өздөрүнүн советтик тарыхынын акторлору (жаратуучулар) болушкан жана советтик өтмүшүн кайрадан карап чыгуусу керек жана ал өтмүштү өздүк кылып алууга, улутташтырууга тийиш. Себеби, алар азыркы улуттарды жараткан зор коомдук жана маданий өзгөрүүлөргө туш болушкан, ошондуктан өтмүштү четке какпастан өздөштүрүп алуусу керек”.

Мындан сырткары антрополог, Санкт-Петербургдагы Европа университетинин профессору Сергей Абашин да “Совет өлкөсү чындап эле колониялык империя болгонбу же анын курамындагы 15 мамлекет тең укукта болгонбу” деген темаларда маек берген.

“Немономиф” журналынын биринчиси 30, экинчиси 300, 3-басылышы 120 нускада гана жарык көргөн. Басылманын 4-басылышынын темасы "Оозеки тарых " деп аталып, 2022-жылдын июнь айында жарык көрүү алдында турат.

Негиздөөчүлөрүнүн айтымында, алар оозеки тарых архивин ачууну пландап жатышат. Келерки санга, маселен, 1960-1990-жылдар аралыгында Кыргызстандагы ала качуу менен турмуш курган үй-бүлөлөр тууралуу изилдөөлөр камтылат.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG