Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:52

Грекияга Түркия аркылуу өтүүнү көздөгөн 19 мигрант тоңуп өлдү


Түркия менен Грекиянын чек арасында кийимин кургатып отурган оогандык качкын.
Түркия менен Грекиянын чек арасында кийимин кургатып отурган оогандык качкын.

Түркиялык куткаруучулар Грекия менен чек арага жакын жерде сууктан тоңуп өлгөн 19 мигранттын сөөгүн 2-февралда тапты.

Өлкөнүн ички иштер министри Сулейман Сойлу грекиялык чек арачыларды "мигранттарды өткөрбөй, алардын бут кийимдерин чечип алып кайра артка жиберген" деп айыптады. Министр "Твиттерге" жазган билдирүүсүндө, мигранттар кайсы мамлекеттен экенин жазган эмес.

Грекиянын Миграция министри дароо жооп кайтарып, түрк бийлигинин маалыматын "жалган, чагым" деп атады. Анын айтымында, мигранттар чек арага жеткиче эле тоңуп калышкан.

Жакынкы Чыгыш, Африка мамлекеттеринен Европаны көздөй жөнөгөн мигранттар адатта Түркия аркылуу киргенге аракет кылышат.

Ушул тапта Түркияда төрт миллиондой сириялык жана отуз миңден көп оогандык качкын бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG