Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:44

Салык кызматы Аскар Сыдыковду "негизсиз дооматтан" карманууга чакырды


Аскар Сыдыков.
Аскар Сыдыков.

Экономика жана финансы министрлигине караштуу Салык кызматы Эл аралык ишкерлер кеңешинин төрагасы Аскар Сыдыковду "курулай дооматтан карманууга жана коомчулукту дүрбөлөңгө салбоого" чакырды. Мекеме тараткан маалыматка караганда, "Аскар Сыдыковдун салык кызматкерлери ишкерлерден ар ай сайын пара талап кылат" деген сөздөрү чындыкка дал келбейт.

Салык кызматынын башкы аппаратынын жогоруда айтылган фактылар тууралуу маалыматы жок.

"Кайрылуу, арыз-доомат түшкөн учурда ар бирине тиешелүү чара көрүлөт", - деп билдирди.

Мунун алдында Аскар Сыдыков Бишкектеги брифингде пара талап кылган салыкчылар тууралуу айткан.

"Рестораторлор мындай көрүнүш ай сайын болорун айтып жатышат. Ай сайын алардын планы болот экен, аны толтурушу керек экен. Андан сырткары жаңы башчы келсе, ал дагы районду кыдырып, ушундай төлөмдөрдү талап кылышы мүмкүн. Бул салыкчылар гана, алардан башка дагы инстанциялар да бар", - деди Сыдыков.

Өткөн айда Эл аралык Transparency International уюму 2021-жылдагы дүйнө өлкөлөрүндөгү коррупциянын деңгээли боюнча изилдөөсүн жарыялады. Ага ылайык, мурдагы жылы 124-орунду ээлеген Кыргызстан былтыр 144-орунга түшүп калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG