Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:22

Владимир Кличко украин армиясына кошулду


Украиналык мушкерлер, ага-ини Кличколор.
Украиналык мушкерлер, ага-ини Кличколор.

Бокс боюнча мурдагы чемпион Владимир Кличко Киевди коргоо бригадасына запастагы аскер каттары катталды.

Ал азыркы кырдаалда мекенин коргоого милдеттүү экенин билдирди.

«Мекеним геосаясий кыйынчылыктарга туш болуп жатканын көрүп, бул жакка келбей кое албадым. Ошондуктан шаардын жана өлкөнүн коргоо бригадасына катталдым»,-деди Кличко 2-февралда.

Владимирди агасы, Киев шаарынын мэри Виталий Кличко да колдоп, ошентсе да Орусия менен Украина ортосундагы кризистин дипломатиялык жол менен чечилиши туура болорун кошумчалады.

Орусия Украина менен чек арасына 100 миңден ашуун аскерин жана техникасын топтогондон кийин Москва кошуна өлкөгө кол салууну пландап жатат деген кооптонуу күчөдү. Кремл Украинага басып кирүүнү көздөйт деген дооматты четке кагып, бирок куралдуу күчтөрүн алып кетүү үчүн Батыштан “коопсуздук кепилдиктерин” талап кылган.

Москва "Украина НАТОго кирбейт, орус чек арасына жакын жерлерге аскердик системалар орнотулбайт, блоктун күчтөрү Чыгыш Европадан алыстатылат" деген шарттарды койгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG