Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Министрлер кабинети Баткенде көчмө жыйын өткөрөт


Садыр Жапаров Баткенде. 28-май, 2021-жыл.
Садыр Жапаров Баткенде. 28-май, 2021-жыл.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Арзыбек Кожошев "Баткен облусунун макамы жөнүндө" мыйзамдын аткарылышы талкууланган кеңешмеде билдирди. Анда аталган аймакта салыктык-инвестициялык өзгөчө режим киргизилерин, элге акысыз мамлекеттик, муниципалдык жана медициналык кызмат көрсөтүлөрүн белгиледи.

Ошондой эле облусту өнүктүрүү кеңеши түзүлүп, бюджеттен жыл сайын 500 миллион бөлүнүп турарын айтты.

Арзыбек Кожошев ушул айдын экинчи жарымында Баткенде Министрлер кабинетинин биринчи көчмө жыйыны өтөрүн кабарлады. Өкмөт өкүлү облуста өзгөчө макам берилчү айылдардын тизмеси кайра каралып чыгарын кошумчалады.

"Бул чечимди кайрадан карап чыгып, экинчи этап менен жеңилдикке муктаж башка айылдарды тизмеге киргизели деп жатабыз. Ал эми Баткен облусунда социалдык-экономикалык көрсөткүчү бир топ жогору болгон айылдар бар, аларга жеңилдиктер каралбастан, башка экономикалык стимулдаштыруу механизмдери каралат. Биздин негизги максатыбыз – чек арага жакын жайгашкан, мамлекеттин жардамына чындап муктаж болгон айылдарды бекемдөө", -деди Кожошев.

Президент Садыр Жапаров “Баткен облусунун макамы жөнүндө” мыйзамга өткөн жылы сентябрда кол койгон. Анда жергиликтүү тургундарга салыктык жеңилдиктер, социалдык жактан колдоо, ишкердик үчүн ыңгайлуу шарт түзүү каралган. Тизмеге кирген айыл тургундарынын пенсиясын эки миң сомго көтөрүү жана жөлөк пулдун көлөмүн эки эсеге көбөйтүү, электр энергиясын жеңилдетилген шартта берүү каралып жатканы айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG