Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:38

Жогорку Кеңеште Эдил Байсаловду тартипке чакыруу маселеси көтөрүлдү


Эдил Байсалов Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп былтыр октябрда дайындалган.
Эдил Байсалов Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп былтыр октябрда дайындалган.

Жогорку Кеңештин 3-февралдагы жыйынында депутат Нурлан Шакиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун парламент тууралуу айткандарын сынга алды. Аны тартипке чакыруу тууралуу өкмөт башчыга жана президенттин парламенттеги өкүлүнө кайрылды.

"Эдил Байсалов парламенттин дарегине аябай катуу сынды шакаба катары айтыптыр. Ушундай учурда парламент сөзсүз реакция жасашы керек. Анын парламент тууралуу андай ыксыз, обу жок, шакаба, шылдың сөздөрдү айтканга эч кандай укугу жок. Бизге акыл үйрөтө турган ал жигит эмес", -деди Шакиев.

Депутат Исхак Масалиев болсо кызмат адамдарына парламентти сындоого мыйзам тыюу саларын белгилеп, Эдил Байсаловго чара колдонулушу керектигин билдирди.

"Мыйзам түздөн-түз тыюу салат. Бул жерде ага эскертүү эмес, чара колдонулушу керек. Мыйзамда так жазылган. Кызматын тапшырып? каалагандай сүйлөсө болот. Аткаруу бийликтин өкүлү деген бул - бир киши дайындаган адам. Эл шайлаган депутаттарга, жалпы Жогорку Кеңешке сын-пикир айтканга укугу жок. Бул Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнө кийлигишүү, бул мамлекеттик кылмыш деп эсептелет. Чара колдонгондо керек болсо прокуратурага тапшыргыла".

Депутаттардын сунушу менен спикер Талант Мамытов президенттин жана Министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, бул жагдайды териштирип, анын жыйынтыгы тууралуу маалымат берүүнү суранды. Парламенттин аппаратына протоколдук тапшырма берди.

Буга байланыштуу Министрлер кабинети дагы, Эдил Байсалов дагы азырынча комментарий бере элек.

Байсалов буга чейин "Марал FM" радиосуна курган маегинде Жогорку Кеңеш, депутаттар тууралуу пикирин билдирген.

Ал Министрлер кабинетинин төрагасы болуп былтыр октябрда дайындалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG