Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:04

Президент Садыр Жапаровдун Кытайга иш сапары башталат


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаровдун бүгүн, 3-февралда Кытайдагы иш сапары башталат. Бээжинге учуп кеткен делегациянын курамында президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев жана Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Канайым Бактыгулова бар.

Иш сапарды утурлай Жээнбек Кулубаев маалымат берген. Ага ылайык, Жапаров Бээжиндеги кышкы Олимп оюндарынын ачылыш аземине катышат. Кытайдын төрагасы Си Цзинпин баштаган жетекчилер менен жолугуп, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланат.

“Талкуулана турган негизги маселелердин бири Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан эл аралык темир жол линиясын куруу болочогу болмокчу. Соода-экономикалык кызматташуунун алкагында кыргыз тарап “Эркечтам” жана “Торугарт” өткөрмө бекеттеринин мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, өлкөлөр ортосундагы аба каттамдарын жандандыруу маселесин көтөрөт. Мындан тышкары кыргыз делегациясы энергетика, тоо-кен, айыл чарба жана билим берүү тармактарында бир катар долбоорлорду улантууну ниеттенип, инвестициялык кызматташтыкты талкуулоого даяр”,- деген Кулубаев.

Садыр Жапаров Кытай сапарын утурлай 24-январдан тартып эпидемиологиялык коопсуздук чараларын сактоо зарылдыгынан улам аралыктан иштөө режимине өткөн. Ал Бээжинде 3-5-февраль күндөрү иш сапар менен болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG