Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Алматы акимчилиги эскерүү акциясын өткөрүүгө уруксат берген жок


Алматынын акимчилигинин имараты толугу менен өрттөнүп кеткен.
Алматынын акимчилигинин имараты толугу менен өрттөнүп кеткен.

Алматы акимчилиги активисттерге январь окуяларынын курмандыктарын эскерүүгө арналган митинг өткөрүүгө уруксат берген жок. Бул тууралуу жарандык активист Марат Турумбетов 2-февралда «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Алар 13-февралда «Каңтар 2022» аза күтүү митингин өткөрүүнү көздөшкөн.

«Алар үчүн январь окуясы менен курман болгон жарандар маанилүү эместей. Калк менен диалог болбостугу айдан ачык. Алматынын жаңы акими Досаев калкка мамилеси ушундай экенин көрсөттү жана демократия багытына карай кадам таштай албастыгын далилдеди»,- деп жазды Турумбетов.

Мэрия мындай чечимди калаанын башкы санитардык дарыгеринин сунушунун негизинде кабыл алышканын билдирди. Анткен менен активисттер 13-февралда Република аянтына чыгып, аза күтүү акциясын өткөрөрүн айтышууда.

Расмий маалыматка ылайык, Казакстанда кандуу январь окуялары маалында 227 киши көз жумду. Укук коргоочулар жана активисттер бул сан мындан да көп болушу мүмкүн экенин боолгошот.

Бийлик ушул күнгө чейин каза болгондордун аты-жөнүн жарыялай элек. Улам бир шаарда тополоңго катышпаган жайкын тургундардын окко учканы тууралуу маалыматтар чыгып жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG