Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:16

Коронавирус бир күндө дагы үч кишинин өмүрүн алды


Коронавирусту аныктаган мобилдик топ. Иллюстрациялык сүрөт.
Коронавирусту аныктаган мобилдик топ. Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы ыкчам штабдын маалымдашынча, 6-февралга карата бир суткада оорудан дагы үч адам көз жумду.

Вирустан каза болгондордун жалпы саны 2902ге жетти. 110 адам вирус жуктуруп алганы лабораториялык жактан тастыкталды. Анын ичинде бир медицина кызматкери бар.

Бишкек - 56;
Ош шаары - 10;
Чүй облусу – 18;
Ош облусу – 3;
Ысык-Көл облусу – 12;
Жалал-Абад облусу – 5;
Баткен облусу - 6.

Талас жана Нарын облустарында бир суткада коронавируска чалдыккандар жаңы катталган жок.

Ушуну менен 2020-жылдын мартынан бери коронавирус жугузуп алгандардын жалпы саны 199 436 адамга жетти. 190 709 бейтап сакайды.

Азыр ооруканада 855, үйүндө 3429 бейтап дарыланып жатат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG