Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:41

АКШнын аскердик күчтөрү Польшага бара баштады


АКШнын аскерлери. Иллюстрациялык сүрөт.
АКШнын аскерлери. Иллюстрациялык сүрөт.

НАТОнун Чыгыш Европадагы өнөктөштөрүн күчтөндүрүү үчүн АКШдан аскерлер келе баштады. Польшанын түштүк-чыгышындагы аскер базасына Американын аба-десанттык 82-бригадасы жайгашты.

Вашингтон кеминде үч миң аскерин Чыгыш Европаны украин кризисинен коргоо үчүн Польшага жана Румынияга жиберерин маалымдаган.

Пентагондун маалымат катчысы Жон Кирби 3-февралда эки миң аскер Польша менен Румынияга жиберилерин, ал жакка учурда Германияда турган миң аскер да бараарын айткан.

Орусия Украина менен чек арасына 100 миң аскерин жана оор аскердик техникаларын жеткирген. АКШ эгерде Орусия Украинага кол салса, олуттуу экономикалык санкциялар болорун эскерткен.

Кремль Орусия Украинага басып кирүүнү көздөйт деген дооматты четке кагып, бирок куралдуу күчтөрүн алып кетүү үчүн Батыштан “коопсуздук кепилдиктерин” талап кылган.

Москва "Украина НАТОго кирбейт, орус чек арасына жакын жерлерге аскердик системалар орнотулбайт, блоктун күчтөрү Чыгыш Европадан алыстатылат" деген шарттарды койгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG