Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:32

Ханыша Елизавета II такка отурганына 70 жыл болду


Елизавета II
Елизавета II

Өзүнүн мааракесинин алдында Британ ханышасы Елизавета II Сандрингемдеги Аялдар институтунун мүчөлөрү жана кайрымдуулук уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту. Ага такка отурганда берилген гүлдесте жана торт тартуу кылынды.

Ханыша өзүнүн кайрылуусунда ханзаада Чарльздын экинчи жубайы - Камилла Паркер-Боулзду ханзаада такка отургандан кийин "ханыша-консорт" деп таанууну суранды.

Елизавета II 95 жашта. Ал Британияны 70 жылдан бери башкарып келе жатат. Анын бийлиги учурунда өлкөдө 14 премьер-министр алмашып, өлкөнүн мурдагы колониялары эгемендикке жетишти.

Ханыша тууралуу көптөгөн сериалдар жана көркөм тасмалар тартылды.

Елизавета II былтыр "Жылдын карыясы" деп аталган наамды алуудан баш тарткан. Мындай чечимин "Адам өзүн канча жаштамын десе, ошончо жашта болот" деп түшүндүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG