Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:27

COVID-19: АКШ Казакстанга 2,4 миллион доллар бөлөт


Коронавируска каршы вакцина. Иллюстрациялык сүрөт.
Коронавируска каршы вакцина. Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Казакстанга 2,4 миллион доллар өлчөмүндө жардам берет. Каражат COVID-19га каршы күрөшкө жумшалмакчы. Маалымат 18-октябрда АКШнын Казакстандагы элчилигинин сайтында жарыяланды.

Маалыматка караганда, бул жардам вакциналарды бөлүштүрүү, эмдөөгө байланыштуу жалган маалыматтар менен күрөшүү, коронавируска каршы лабораториялык системаларды бекемдөө, Казакстандын вакциналарды жеткирүү жана пайдалануу даярдыгын жогорулатуу үчүн бөлүнөт.

"Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Казакстанга 6,8 миллион доллар жардам берилди, бул каражат да аталган суммага кошулду", - деп билдирди АКШ элчилиги.

АКШнын дипломатиялык миссиясы кабарлагандай, USAID коронавируска байланыштуу темалар боюнча беш миңден ашуун медициналык кызматкерди окуткан.

Кошмо Штаттар жыйырма жылдан ашык убакытта Казакстанга 2 миллиард доллар, анын ичинде кургак учук жана СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү сыяктуу саламаттыкты сактоо программаларын колдоого 92,8 миллион доллардан ашык каражат бөлгөн.

XS
SM
MD
LG