Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:32

Ысык-Көлдө “Байрактар” менен машыгуу өтүп жатат


Байрактарды сыноо учуру.
Байрактарды сыноо учуру.

Ысык-Көл облусундагы "Эдельвейс" окуу борборунда “Байрактар” сокку уруучу учкучсуз учактарын колдонуу менен тактикалык машыгуу өтүүдө. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

"Калкан - 2022" аттуу атайын тактикалык машыгууга президент Садыр Жапаров катышууда.

"Машыгуунун негизги максаты - мамлекеттик чек ара тилкесинен өтүп келген шарттуу душманды жок кылуу боюнча күч түзүмдөрүнүн иш-аракеттеринин ырааттуулугун иштеп чыгуу", - деп айтылат маалыматта.

Өткөн жылы декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматына "Байрактар" учкучсуз учуучу аппараттары тапшырылган.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев өткөн аптада учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу менен машыгуу өтөрүн айткан.

Расмий бийлик Кыргызстан бир жылда аскердик техникасын жаңыртууга жана оңдоого баш-аягы 100 миллион доллар бөлгөнүн жарыялаган.

“Байрактар” – чалгын жана сокку уруу максатында колдонулуучу, орто бийиктикте, узак убакыт уча ала турган учкучсуз аппарат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG