Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:22

Эркектердин саламаттыгын текшерген бир айлык өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 1-апрелден 30-апрелге чейин эркектер арасында "Жооптуу бол" аттуу бир айлык өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Бир айлык Чүй, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарында жугуштуу эмес ооруларды аныктоо үчүн 18 жаштан жогорку эркектер арасында өтөт. Бир ай ичинде эркектер жергиликтүү саламаттык сактоо уюмуна кайрылып, медициналык кызматкерден бекер медициналык кеңеш алса болот.

Аталган бир айлык "Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу" швейцариялык долбоорун ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүүдө.

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Электрондук саламаттык сактоо борборунун маалыматында, 18 жаштан 54 жашка чейинки эркектер ошол эле курактагы аялдарга караганда жугуштуу эмес оорулардын пайда болуу коркунучуна көбүрөөк дуушар болот.

Жугуштуу эмес оорулар – бул өнөкөт, жай өрчүгөн оорулар. Аларга жүрөк-кан тамыр, рак, өпкө оорулары жана кант диабети кирет. 2020-жылы Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болгондордун саны, калктын жалпы өлүмүнүн 52% түздү. Өлүмдүн экинчи негизги себеби рак (10,8%), андан кийин (6,9%) өпкө оорулары турат. Жугуштуу эмес оорулардын негизги тобокелдик факторлору - тамеки чегүү, алкоголдук ичимдиктерди ашыкча ичүү, туура эмес тамактануу жана физикалык активдүүлүктүн төмөндүгү.

Долбоордун экинчи фазасы Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында өтөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG