Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:32

Дубалы ураган үй боюнча кылмыш иши козголду


Сөз болгон үйдүн кулаган дубалы. 27-март, 2022-жыл
Сөз болгон үйдүн кулаган дубалы. 27-март, 2022-жыл

Бишкектин Жаш Гвардия көчөсүндөгү жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн дубалы урап, жанындагы эки кабаттуу турак жайга кулаганы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Ленин райондук милициясынын тергөө кызматынын иликтөөсүндө аталган имаратты курууда коопсуздук эрежелери сакталбаганы аныкталган.

27-мартта курулушу жүрүп жаткан көп кабаттуу үйдүн кум кышынан (пескоблок) тургузулган дубалы ураган. Натыйжада жанында жайгашкан үйдүн чатыры талкаланып, 64 жаштагы кожойкени басып калып, үч адам жараат алган.

Жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыккандай, дубалы ураган үйдү "Кейжи Восток Сервис" аттуу компания куруп жаткан. Юстиция министрлигинин базасында бул компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири катары Жогорку Кеңештин депутаты Жусуп Коргонбай уулу көрсөтүлгөн. Депутат "KG Восток Сервистин” негиздөөчүлөрүнүн бири болгонун, саясатка кетип, депутаттык мандат алгандан кийин аны өткөрүп бергенин билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG