Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:35

АКШнын чалгынчылары: Путинге кеңешчилери толук маалымат бербей жатат


Владимир Путин генералдар менен.
Владимир Путин генералдар менен.

Кошмо Штаттарынын чалгынчылары Орусиянын президенти Владимир Путиндин кеңешчилери Украинадагы согуштагы жоготуулар, кесепети тууралуу андан чындыкты жашырып, толук маалымат бербей жатат деп эсептейт. Бул тууралуу Assoсiаted Press агенттиги АКШнын администрациясынын атын атабаган өкүлүнө шилтеме кылып жазды.

Анда Путинге Украинадагы согушка келишимдик негизде кызмат өтөгөн жоокерлер гана катышып жатат деген маалымат берилип, чакыруу менен барган жоокерлер дагы бар экенин, алардын өлүмүн айтпай жатышканы белгиленген.

Америкалык чалгынчылардын маалымдашынча, Батыш өлкөлөрү салган санкциялардын өлкөнүн экономикасына тийгизген кесепетинин көлөмү тууралуу дагы Путинге толук маалымат берилген эмес. “Путин фронттогу проблемаларды айтпай жашырып жатканын сезип жатат, мындан улам президент менен аскер жетекчилеринин ортосунда чыңалуу күчөдү”,- деген Ак үйдүн өкүлү.

Кремль буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Орусиянын армиясы Украинага 24-февралда басып кирген. Андан бери Украинада миңдеген жайкын тургундардын жана аскерлердин өмүрү кыйылды.

29-мартта Украина менен Орусиянын делегацияларынын Стамбулдагы сүйлөшүүсүндө жылыш байкалганы кабарланган. Аны улай Москва Киевдин айланасындагы жана Украинанын түндүгүндөгү аскердик операциясын басаңдата турганын билдирген. Бирок украин бийлигинин өкүлдөрү орус күчтөрү 30-мартка караган түнү Украинанын түндүгүндөгү шаарларга сокку урууну улантканын билдиришти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG