Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:07

"Элдик курултай" мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Элдик курултай” жөнүндө конституциялык мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Анда курултайдын укуктары, иштөө тартиби жана делегаттарды шайлоонун жол-жобосу жазылган. Долбоордо документ ушул жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кире турганы көрсөтүлгөн. Талкуу аяктаса апрель айынын ичинде Жогорку Кеңешке сунушталат деп күтүлүүдө.

Мыйзам долбоорун президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен түзүлгөн жумушчу топ иштеп чыкты. Ага ылайык, Элдик курултай мамлекеттин ички жана тышкы саясаты боюнча бийликке сунуштарды берет. Курултайдын мүчөлөрү президенттин кайрылуусун, спикер, премьер-министрдин баяндамаларын угат. Өлкө башчыга Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн кызматтан алуу боюнча сунуш бере алат жана мыйзам долбоорун демилге кылуу укугуна да ээ деп белгиленген.

“Кыргыз жолу” коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев Элдик курултайдын курамы тууралуу буларга токтолду.

Кадыр Кошалиев.
Кадыр Кошалиев.

“Жогорку Кеңешке шайлоо болгондо парламентке көп учурда ишкерлер өтүп кетип атат. Ошондуктан Элдик курултайда илимий, чыгармачыл чөйрөнүн адамдары үчүн өзүнчө квота бөлүндү. Себеби, интеллигенциянын үнү угулбай калууда. Андан тышкары Кыргызстанда башка улуттун да өкүлдөрү жашайт. Буга байланыштуу Кыргызстан элдеринин ассамбеясына да орун бөлүндү. Чет жакта жүргөн Кыргызстандын жарандары да Элдик курултайга киргизилет. Профсоюз уюмуна жана “Кыргыз эл биримдиги” коомуна да квота каралды”.

Элдик курултайдын курамына ар бир айылдан бирден, калкы 30 миңден ашкан шаарлардан экиден, Ош шаарынан 10 делегат, жаңы конуштардан бештен, Бишкектен 20 делегат жана борбордун жаңы конуштарынан 20дан делегат кирет.

“Кыргыз эл биримдигинен” 40, Кыргызстан элдеринин ассамбеясынан 30, чыгармачыл союздардан 8, Профсоюз уюмунан 10, илимий жана билим берүү тармагынан 10дон, чет өлкөдөгү кыргыз жарандарынан 20 кишини кошуу пландалып жатат.

21 жашка чыккан Кыргызстандын жарандары Элдик курултайдын делегаты боло алат. Алар үч жылга шайланат. Мамлекеттик кызматкерлер менен жергиликтүү жана Жогорку Кеңешинин депутаттары делегат боло албайт. Элдик курултай жылына бир жолу президиуму тарабынан чакырылат. Курултайдын кезексиз жыйыны президент, Жогорку Кеңеш тарабынан чакырылышы мүмкүн.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эсенгул Исаков курултайдын мүчөлөрүнө байланышкан маселеге көңүл бурду.

Эсенгул Исаков.
Эсенгул Исаков.

“Мурдагы эки президенттин убагында эки жолу курултай болгон. Анда квоталар кошоматчы аксакалдарга, жагалданып сүйлөгөн чиновниктерге берилип айылдан келген карапайым делегаттарга сөз жетпей калган. Нааразычылык ушундан улам чыккан. Азыр Элдик курултайдын биринчи жыйынын уюштуруу президенттик администрацияга берилип жатат. Эми алар курултайды кол бала кылып албай уюштуруу иштери менен эле алек болушу керек. Экинчи маселе президиумда турат. Ал бюджеттен каржыланат. Акча мамлекеттен бөлүнүп жаткандан кийин президенттик администрация же Министрлер кабинети Элдик курултай институтун башкарам деп чыкса, чоң маселе чыгат”.

Элдик курултай былтыр 5-майда иштеп баштаган Конституцияга киргизилген. Анда “Элдик курултай -коомдук-өкүлчүлүктүү жыйын. Коомдун өнүгүү багыттары боюнча сунуштамаларды берет” деп жазылган. Бул берене Баш мыйзамга талаш-тартыш менен киргизилип, жарандык коом менен курултай институтун колдогондор кызыл чеке болуп кайым айтышкан. Укук коргоочу Рита Карасартова курултай Кыргызстанда бюджеттен акча жеп пайда бербеген кезектеги артыкбаш орган бойдон калат деп эсептейт.

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

“Мурда “бизге парламентаризмдин кереги жок Жогорку Кеңеште жалаң партиялар гана жыргап атат” деп айтышчу. Эми жаңы Конституция менен ар бир округдан бирден депутат шайланып келди. Азыркы Жогорку Кеңеш – бул курултай. Ал жерде сенин районуңдан эң көп добуш алган өкүлүң бар. Элдин ишеними менен келген 90 адам бар. Парламентте жума сайын жыйын, комитет, фракциялардын чогулушу болуп талкуу жүрөт. Маселең болсо парламенттеги өкүлүңө кайрыл. Алардан талап кылыш керек. Элдик курултайга кандай мыйзам жазсаң да баарыбир иштебей турган институт”.

Курултай идеясын колдогондор 2020-жылы Конституциянын долбоору даярдалып баштаганда Элдик курултай жыл сайын президенттен отчёт алышы керек деген демилгени көтөрүшкөн. Эгерде ал колдоо тапса, өлкө башчынын иши курултайдын жыйынында канааттандырылбаса, жумуштан кетмек. Бирок ал жумшартылып отуруп Элдик курултай кеңеш берүүчү институт болуп калды. Талас облусунун мурдагы губернатору Айбек Бузурманкулов Элдик курултайды колдогондордун бири.

Айбек Бузурманкулов.
Айбек Бузурманкулов.

“Жарандык активисттер “бул артыкбаш институт” деп айтып келишет. Анда расмий бийлик бар деп жарандык активисттер деле сүйлөбөй эле койбойбу. Эл жылына бир жолу чогулуп президенттин кайрылуусун угуп сунуш бергендин эмне зыяны бар? Жергиликтүү жамааттын жыйынында жергиликтүү бийликтин ишине баа берип атат. Эл чогулуп губернатор, акимдин ишин баалайт. Мыйзам боюнча жергиликтүү бийлик Министрлер кабинетине гана баш ийет. Алардын ишине коомчулук да баа берип койсо ашыкча болбойт”.

Кыргызстанда Элдик курултай институтун бийликти көзөмөлдөөчү органы катары бекитүү демилгесин буга чейин бир катар саясий топтор жана коомдук ишмерлер көтөрүп келген.

Эгемен Кыргызстандын тарыхында оппозиция да, бийлик да өз-өзүнчө курултай өткөргөн учурлар болгон. 2010-жылдын 23-мартында ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин демилгеси менен Ынтымак курултайы өткөрүлгөн.

Аягында курултайдын делегаттары президент Бакиевдин өлкөнү жаңылоо боюнча күч-аракеттерин колдоого чакырган резолюция кабыл алышкан. Бирок эки жумадан кийин эле апрель окуялары болуп, Бакиев бийликтен кеткен.

Саясат талдоочу Руслан Акматбек курултайды авторитаризмдин куралы катары сыпаттады.

Руслан Акматбек.
Руслан Акматбек.

“Эми курултайдын чечимин шылтоо кылып бийлик каалагандай чечимдерди кабыл ала берет. Элдик курултай деген түшүнүк менен мамлекеттик саясий институттардын мааниси жокко чыгарылып атат. Анда акча коротуп Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлап эмне кылабыз? Биз азыр ар кандай жаңы мекемелерди түзүү менен эле алек болуп калдык. Кыргызстанда демократия өнүккөн мамлекеттердегидей эле парламент, акыйкатчы, сот, аткаруу бийлиги, администрация сыяктуу бардык институттар бар. Кыргызстанда эң башкы маселе бул - институттардын бар же жок экендигинде эмес. Алардын ишинде. Курултайга окшогон институттар бир кишинин өзүм билемдик башкаруусуна ылайыкташкан, каалаган убагында каалаган чечимин чыгартып ала турган орган болуп калган”.

2021-жылы 5-майда күчүнө кирген Баш мыйзамда Элдик курултай өзгөчө макамга ээ болгон. Элдик курултай институту 2010-жылы кабыл алынган Конституцияга да киргизилген. Бирок курултай жөнүндө конституциялык мыйзам жазылып, кабыл алынган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG