Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:19

Министрлер кабинети өлкөдө 50 миң ККМ иштеп жатканын маалымдады


ККМ аппараты.
ККМ аппараты.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров учурда өлкө боюнча 50 миң көзөмөл-кассалык машине колдонулуп жатканын айтты.

“2021-жылы 1-сентябрына карата республика боюнча 21 миң 191 ККМ же болбосо 306 адамга бир аппарат катталса, 2022-жылдын 27-июнга карата баары 50 миң 307 ККМ же 134 адамга бир аппарат катталды”, - деди Жапаров.

Ал ККМ аппарат көмүскө экономиканы кыскартуу үчүн зарыл экенин белгиледи.

13-июнда соодагерлер өкмөт үйүнүн алдына көзөмөл-кассалык аппаратына (ККМ) каршы нааразылык акцияга чыккан. Дүкөн иштеткендер ККМ жана эсеп-фактуранын киргизилишине каршы экенин айтып, патент системасы калышын талап кылып, ККМ колдонбогондорго айып салынып жатканын даттанышкан.

Соодагерлер менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жолугушуп, нараазылыкка чыккандардын өкүлдөрүнөн жана тиешелүү өкмөттүк органдардан атайын жумушчу топ түзүлгөн.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул аппаратты колдонуу убактылуу токтотулуп турарын, митингге чыккандардын өкүлдөрү менен маселени чечүүнүн жолун караштырып чыгарын айткан. ККМ менен эсеп-фактура чоң ишканалар үчүн жокко чыгарылбай турганын белгилеген.

Жаңы Салык кодексине ылайык, өлкө аймагындагы соода-сатык, жумуш аткаруу, тейлөө субъектилери накталай жана накталай эмес эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ колдонушу керек. Мындай талап 1-августтан тартып коюла баштайт.

Бир катар ири базарларда иштеген соодагерлер буга карата нааразылыгын билдирип, митинг-пикет өткөрүп келе жатышат. Алар ККМ колдонсо товарын кымбаттатууга мажбур болорун айтууда.

Акылбек Жапаров 11-июнда Бишкектеги “Дордой Фуд” азык-түлүк базарында эмгектенген ишкерлер менен жолугуп ККМ көмүскө экономиканы жана аткезчиликти азайтууга жардам бере турганын айтты. Ал эсеп-фактура мыйзамсыз соода-сатык менен алектенгендерди аныктоого жардам берерин түшүндүргөн.

Нааразычылык акцияларынан кийин көзөмөл-кассалык аппаратын (ККМ) орнотууда салыктарды эсептөө үчүн коюлган сегиз миллион сомдук чекти жогорулатуу сунушталган. Ага чекти 12 миллион сомго чейин көтөрүү жана тамак-аш соодасындагы бирдиктүү салыктарды жеңилдетүү кирген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG