Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:48

Көл жээгиндеги мушташ боюнча 18 адам кармалды


"Радуга" пансионаты. Архив.
"Радуга" пансионаты. Архив.

Ысык-Көл жээгиндеги калайман мушташ боюнча 18 адам кармалып, сурак берип жатканын облустук ички иштер башкармалыгынан “Азаттык” радиосуна билдиришти.

Маалыматка караганда, көл жээгинде калайман мушташ 29-июнда “Радуга” пансионатында орун алган. Алдын ала белгилүү болгондой, окуя пансионаттын коопсуздук кызматкери менен коноктордун ортосундагы пикир келишпестиктен тутанып кеткен.

Чолпон-Ата шаарынан жана Жалал-Абад облусунан барган төрт конок менен пансионатта иштеген 14 жергиликтүү коопсуздук кызматкери кармалып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

“Бул окуяда эч кандай пансионатка же көл жээгине кирүү боюнча маселе жок. Коноктор спирт ичимдигин ичип алып коопсуздук кызматкеринин тартипке чакыруусуна баш ийбей, калайман мушташка айланып кеткен”, - деп айтылат маалыматта.

Жапырт мушташ тартылган тасма буга чейин социалдык тармактарда тараган. Кармалгандардын жакындары азырынча комментарий бере элек. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG