Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:04

Жаш балдарды уруштурган энелер боюнча териштирүү башталды


Баткен облустук милиция тараткан сүрөт.
Баткен облустук милиция тараткан сүрөт.

Социалдык тармактарга тараган тасмадагы эки жаш баланы мушташтырган аялдардын аты-жөнү такталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 29-июнда кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя 10-июнда Кадамжай районунун Абсамат Масалиев айыл аймагында болгон. Айылга төркүлөп барган 38 жаштагы жарандын сегиз жашар уулу менен анын сиңдисинин тогуз жашар кызы мушташкан. Апалар балдардын урушун тыйбай, аларды мушташууга үндөшкөн.

“Бул материал Кадамжай райондук милициясынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, жаш балдарды уруштурган 31 жаштагы аял жана анын эки кызы суралып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Ал эми 38 жаштагы А.Г. эки уулу менен туруктуу жашаган Ош облусунун Алай районуна кетип калгандыгы аныкталды. Учурда бул материал боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат”, - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда акыркы үч жылда балдарга карата сексуалдык зомбулук дээрлик эки эсе, психологиялык зомбулук үч эсе, денеге залака алып келген зомбулук 30% көбөйгөн. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG