Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:15

Орусиянын күчтөрү Лисичанск шаарын курчоого аракет кылууда


Украинанын Лисичанск шаары.
Украинанын Лисичанск шаары.

Украин армиясы 29-июнда билдиргендей, Орусиянын күчтөрү Луганск облусундагы Лисичанск шаарын курчап алууга аракет кылып жатат.

Британиянын чалгын кызматынын шаршембиде жарыяланган маалыматына ылайык, 25-июндан бери орус армиясы Луганскидеги украин күчтөрү көзөмөлдөгөн акыркы шаарга түштүк тарабынан дагы эки чакырымга жакындады.

Луганскинин аскердик губернатору Сергей Гайдай Лисичанск тынымсыз аткыланып жатканын, шаардын айлана-тегерегинде аскердик активдүүлүк күчөгөнүн украин телеканалына билдирди.

"Орустар колундагы ар бир куралды колдонуп жатат", - деди Гайдай.

Губернатор шаарда абал оор экенин, ал жактагы кырдаал 25-июнда орус күчтөрүнүн көзөмөлүнө өткөн коңшулаш Северодонецк шаарына окшош экенин кошумчалады.

Эгер Орусия Лисичанск шаарын басып алса, анда иш жүзүндө Украинанын Луганск облусуна толук көзөмөлүн орноткон болот.

Москванын Украинадагы чабуулдары 24-февралдан бери уланып жатат. 27-июнда орус күчтөрүнүн Украинанын Кременчуг шаарындагы соода борборун бутага алган ракета чабуулунан кеминде 18 киши мерт болду. Украин бийлиги 36 кишинин дайыны чыкпай жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG