Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:23

Кременчуг: соода борборуна тийген ракета, көп киши дайынсыз


Украинанын Кременчуг шаарындагы соода борбору. 27-июнь, 2022-жыл.
Украинанын Кременчуг шаарындагы соода борбору. 27-июнь, 2022-жыл.

Орусиялык армиянын Украинанын Кременчуг шаарындагы соода борборго урулган ракета соккусунан кеминде 18 адам набыт болду. Жарадарлар саны алтымыштан ашты. Москва эл кымгуут болгон соода жайына эмес, курал-жабдык кампасына чабуул койгонун билдирди. Батыш лидерлери Орусияны айыптап, чабуулду согуш кылмышына теңеп жатат.

28-июнда куткаруучулар Кременчугдагы соода борборунда аман калгандарды издөөнү улантты. Жергиликтүү ооруканага түшкөндөрүн айрымдарынын абалы оор. Азырынча 40тай кишинин дайыны белгисиз. Маалыматтарга караганда, сокку урулган маалда соода жайда миңдей адам болгон. Украинанын президенти Владимир Зеленский тынч жаткан шаарга, жайкын тургундарга жасалган чабуулду террордук актка теңеди.

"Мындай обьектке акылынан айныган террорчулар гана сокку урат. Аларга жер бетинде орун болбошу керек. Ракета кокустан тийген жок, бул соода борборуна атайын жасалган",-деди Зеленский.

Орусиянын Коргоо министрлиги мындай айыпты четке кагып, армия Кременчугдагы курал-жабдык кампасын бутага алганын билдирди.

"Батыштын курал-жабдыгы сакталган кампадагы жардыруудан улам жанындагы иштебей турган соода борборунда өрт тутанды",-деп жазылат мекеменин билдирүүсүндө.

Орусия буга чейин деле жарандык обьектилерге сокку урганын мойнуна албай келген. Бирок жеринен тартылган сүрөт-видеолор башканы айгинелейт.

"Чоң жетиге" кирген мамлекеттердин лидерлери Кременчугдагы соккуну согуш кылмышына теңеп, бул үчүн орус президенти Владимир Путинди жоопкерчиликке тартууну убада кылышты.

Британиянын өкмөт башчысы Борис Жонсон бул теракт Путиндин "канчалык зулум жана жыртыч экенин көрсөткөнүн" айтты. Ал эми Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен орус армиясынын ракеталык соккусу "дүйнөнү нес кылганын" Твиттерге жазды.

Ал ошондой Украинаны колдоону улантышарын жана "бул кылмышка жоопкер адамдардын баарын жоопкерчиликке тартууга аракет кылышарын" кошумчалады.

Полтава облусунда жайгашкан Кременчуг шаарында 200 миңдей адам жашайт. Калаада Украинадагы ири мунай иштетүүчү завод жайгашкан.

27-июнда ошондой эле орус аскерлери Киевден кийинки экинчи чоң шаар Харьковго ракеталык сокку урду. Алардын бири жайкын тургундар жашаган көп кабаттуу үйгө тийсе, экинчиси мектептин короосуна түшкөн. Беш жайкын тургун набыт болуп, онго чукул адам жабыркады.

Ал арада орус аскерлери Донбасстагы Лисичанск шаарын аткылоону улантып атат. Луганск облусунун губернатору Сергей Гайдай билдиргендей, азырынча калаа украин күчтөрүнүн көзөмөлүндө.

"Чоң жетинин" саммитине чогулган мамлекеттердин лидерлери. 26-июнь, 2022-жыл. Германия.
"Чоң жетинин" саммитине чогулган мамлекеттердин лидерлери. 26-июнь, 2022-жыл. Германия.

"Чоң жети" Украинаны калыбына келтирүүгө жардам берет

"Чоң жетиге" кирген мамлекеттердин лидерлери Москванын Киевге кол салышын айыптап, Украинаны согуштан кийин калыбына келтирүүгө каражат чогултуу максатында эл аралык жыйын өткөрүүнү убада кылышты.

28-июнда Германияда өткөн жыйындын соңунда жасалган бирдиктүү билдирүүдө глобалдык азык-түлүк коопсуздугу тууралуу да маселе камтылган.

"Бизге, "Чоң жетинин" лидерлерине Аргентина, Индия, Индонезмия, Сенегал, Түштүк Африка республикасы жана Украинанын жетекчилери да кошулат. Биз дагы бир ирет Орусиянын Украинага мыйзамсыз, эч себепсиз кол салышын айыптайбыз",-деп айтылат билдирүүдө.

Үч күнгө созулган саммиттин катышуучулары Орусияга каршы санкцияларды катаалдатып, президент Владимир Путинге жана анын Беларустагы өнөктөштөрүнө эл аралык саясий жана экономикалык басымды улантууну убада кылышты.

"Чоң жетиге" кирген кубаттуу мамлекеттер глобалдык азык-түлүк коопсуздук маселесин чечүүгө 4,5 миллиард доллар бөлүүгө макул болушту.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG