Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июнь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 20:11

Мариуполдун ачка болуп, дары жетпей өлгөн тургундары


Мариуполдун тургуну шаар курчоодо калып, орусиялык армия басып алган мезгилде өтө арыктап, бир нече жолу өзөрүп эстен танган таякесинин колунун сүрөтүн жарыялады. Ага пикир жазгандар сүрөттү нацисттик концлагерлердеги фото сүрөттөргө салыштырышты.

Орусиялык ЖМКлар Мариупол "жай турмушка кантип кайтып жатканы" тууралуу саймедирешкени менен шаарда дагы деле таза суу жок, ал эми үгүт максатында көрсөтүлүп жаткан тасмалардын көпчүлүк бөлүгү аткылоодон азыраак жапа чеккен райондордо тартылган.

Салгылашуу учурунда да, азыр да өнөкөт оорусу бар улгайган кишилер кыйын кырдаалга дуушар болууда. Мариуполдо болгону бир нече дарыкана иштейт, дары-дармек баасы Украинага караганда бир нече эсе жогору.

2022-жылы 16-мартта Мариуполдун тургуну Мария Кутнякова 71 жаштагы бир тууган таякеси Павел Глущенкодон кабар алганы келген. Бул убакта Мариянын батири урап, үй-бүлөсү менен Мариупол драмтеатрынын жертөлөсүндө баш калкалап турган.

Таякесине жолугуп, кайра театрга барганда имарат урандыга айланып калганын көрдү – орусиялык авиация ага бир канча бомба таштаган болчу. Бактыга жараша, Мариянын жакындары аман-эсен калган. Бирок ал бул жөнүндө таякесине кабарлаганга үлгүрбөй, алгач үй-бүлө бөлөк баш калкалоочу жайга көчүп, кийин шаардан жөө чыгып, Украина көзөмөлдөгөн аймакка келди.

Мария Кутнякова театрды бомбалаганда туугандарын өлдү деп ойлогон экен. Таякеси менен үч айдан кийин гана кайра жүз көрүшө алды.

Ал Фейсбукка Освенцим туткунун эске салган таякесинин колдору менен буттарынын сүрөтүн илди. Карыя Мариуполду басып алган орус аскерлеринин колунан бир гана жолу өзөк жалгап, андан кийин ачка болуп жашоого аргасыз болгон. Согуш убагында Павел Глущенко 15 килограммга арыктаган.

Мария Кутнякова Фейсбукка жарыялаган сүрөт.
Мария Кутнякова Фейсбукка жарыялаган сүрөт.

"Азаттык" ("Свобода") үналгысына курган маегинде Мария Кутнякова таякеси басып алынган шаардан кантип аман кутулуп чыкканы тууралуу айтып берди.

"Биз орусиялык армия мынчалык акмак экенин ойлогон эмеспиз"

"Үй-бүлөбүз менен Мариуполдо жашачубуз. Мен Стартаптарды өнүктүрүү - 1991 борборунда иштечүмүн. Бул Донецк жана Луганск облустарынын IT-адистерин колдогон коммерциялык эмес долбоор. 71 жаштагы таякем пенсияда. Биз эмне үчүн 24-февралда кеткен жокпуз? Бул эң жакшы суроо. Эмне үчүн 2014-жылы, чыныгы согуш башталганда Мариуполдон кетпегенибизди сурасаңыз да ушундай жооп бермекмин: анткени бул биздин киндик кан тамган шаарыбыз.

Биз Украинанын куралдуу күчтөрүнө ишенчүбүз, орусиялыктар мынчалык акмак эмес, Мариуполду бомбалап, көзгө көрүнгөндүн баарын талкалап, кырып-жоёт деп ойлогон эмеспиз. Алардын бизди бошотуу үчүн эмес, украин болгонубуз үчүн эле өлтүрүү максатында келишкени чылгый фашизм.

Таякем башка жерде жашачу, жакшы баса албайт. Согуш эми гана башталганда, андан кабар алганы бардык. Кийин биздин батирди бомбалап салышты. Ошондо биз кошуналар менен бирге драмтеатрда баш калкалоону чечтик. Качкындар ошол жерде эле. Таякем дал ошол драмтеатрдын жанында жашайт. Бизге жакын болгондуктан аны алып келгенибиз жок, өзүбүз барып көрүп турууну чечтик. Анүстүнө көчүрүп кете турган конвойду күтүп жатканбыз.

Мария Кутнякованын батири орун алган Курулушчулар чоң көчөсү, 114-даректеги үй.
Мария Кутнякованын батири орун алган Курулушчулар чоң көчөсү, 114-даректеги үй.

Театрга 16-мартта келип жайгаштык. Таякеме биз эми ошондо жашай турганыбызды айтканы бардым, апам, эжем жана кошуналарыбыз жертөлөдө калышты. Мен таякемдин үйүндө отурганда театрга сокку урушту. Ал имараттын борбордук бөлүгүнө жана капталына тийди. Театрдын алдыңкы жана арткы бөлүгүнүн бир аз жери гана сакталып калыптыр. Менин жакындарым дал ошол жерде болчу. Кудай жалгап, жараат алса да аман калышты. Мен ал жерде жарым саатча турган жокмун.

Таякемдин үйүнө баратканда театр бүтүн, баары түгөл болчу, кайра келсем, урандыга айланыптыр. Ызы-чуу түшүп, кайда качып, кайда жашынышты же шаардан кантип чыгып кетишти билбей кыйналдык. Качкындар баш калкалаган дагы бир жайга – филармонияга качып бардык. Андан кийин Мариуполдон 15 километр алыс Мелекино айылына жөө жөнөдүк. Карып калган таякебиз мынча узак жолду басып өтө албасын түшүндүк. Өзүбүз эптеп Мариуполдун аймагынан чыгып алсак, кийин көчүрүп кетебиз деген ой келди. Тилекке каршы, Мариуполдун айланасындагы аймакты бүт бойдон басып алышкан экен, аны көчүрүп кетүү тууралуу сөз кылуу да мүмкүн эмес эле.

25-мартта орустар Мариуполдогу украин мобилдик байланышын толук өчүрүп, таякебиз менен байланыша албай калдык. Жарым ай бою аны менен сүйлөшүүгө, аман калдыбы же жокпу билүүгө такыр мүмкүн болбоду. Ал турган район тынымсыз аткыланып, кан күйгөн салгылаш жүрүп жатты. Апрелдин аягында гана бир канча адамдар аркылуу ага тирүү экенибизди, Украинанын аймагында турганыбызды, аны алып кетүү ниетибиз бар экенин кабарлай алдык. Аны көчүрүү үчүн дагы жарым айдай мүмкүнчүлүк издедик.

Мариуполдун драмтеатры орустардын авиа бомбасы түшкөндөн кийин.
Мариуполдун драмтеатры орустардын авиа бомбасы түшкөндөн кийин.

Мен ага "Биздин батирди бомбалап салышты, биз эми театрда жашайбыз. Автобустар дайын болгондо мен сизге келем, буюм-тайымдарыңызды, документтериңизди, телефонуңузду белендеп коюңуз", - деп кеткем. Драмтеатрга бомба түшкөнүн ал ошол эле күнү угуп, бизди аман калган жок деп ойлоптур. Ошондуктан биз менен байланышууга да аракет да кылбаптыр. Телефону бар болчу, байланышты кармай турган жерди издөө керек эле. Мен дайыма анын телефонунун номурун терип, аман-эсен экенибизди билдирип, үн түрүндө билдирме жөнөтүп турчумун. Биз аны чыгарып кетүүнүн жолун мындай кой, ага барып тирүү экенибизди кабарлай турган кишини таппадык".

"Ачкадан бир канча ирет эстен таныптыр”

Мария Кутнякова таякесинин кошуналары да кары кишилер болгонун, алардын өлүмдөн аман калуусуна өз ара жардам жана бир жакшы табылга (жакын арада жашылча сактагыч база болгонун) себепкер болгонун айтты.

"Анын астма оорусу бар. Кудайга шүгүр, дары-дармеги түгөнгөн эмес экен, болбосо Мариуполдо согуш болуп жатканда кант диабети бар адамдар эң жөнөкөй дарыга жетпей көз жумганын билем. Ал жакшы кошуналарынын арты менен гана аман калды. Бул батирлерге бөлүнгөн жеке менчик үй. Кошуналары пенсия курагында. Азыкты чогуу таап, ар күнү кандайдыр бир жашылча сорпо менен өзөк жалгап турушкан экен. Таякем бир нече ирет ачкадан эстен таныптыр. Колунда болгон камын үнөмдөп жеп турганда, ошол жерге жакын жашылча сактагыч базага жетип, анча-мынча азык ташып алышыптыр. Таякем орустардан бир гана жолу “гуманитарык жардам” алыптыр, анысында бир нече куту кант, күн карама майы, эскирген буулама эт (аны жегенге мүмкүн болбогондуктан ыргытып ийишиптир) болгон экен. Бул бир үй-бүлө үчүн бир айлык азык деп айтылган.

Мариуполдун тургундары аткылоодон жашынган жертөлөгө кире бериште ушундай аманат ашканада тамак бышырып жатышат.
Мариуполдун тургундары аткылоодон жашынган жертөлөгө кире бериште ушундай аманат ашканада тамак бышырып жатышат.

Кудайга шүгүр, апрелдин аягында биз алар менен байланышып, мен таякеме тааныштарым аркылуу акча жибергенге жетиштим. Алар ошол акчаны Мариуполдо чоң пайыз (15%) менен болсо да накталап, анан рублга алмаштырып, шаар басып алынгандан кийин азык-түлүктү өтө кымбат баада сатып алыптыр. Бир жарым ай бою кошуналары менен ачкалыктын азабын тарткан таякеме бир нече ирет акча, азык-түлүк жана дары-дармек жибере алдык. Ал ошондо бир күндө бир жолу гана өзөк жалгап турчу экен.

Бою чүкөдөй таякем дагы 15 килограммга “жеӊилдептир”, бойлуу кишилер кандай арыктаганын элестете бергиле. Ал өтө каржалып калган эле. Узак мезгил ачка жүргөн адам тамакты көргөндо тое жегиси келет, бирок аны кайрадан демейки ченемге акырындык менен көндүрүү керек. Ал азыр күн сайын беш-алты жолу тамактанууну каалайт. Биз мындай кылууга болбой турганын түшүндүрүп жатабыз. Африкадагы ачарчылыктан курсагы көөп, кийин тамакты дароо жей баштаганда өлүп кеткен балдар жөнүндө тасмаларды көргөнсүңөр да. Мариуполдо да ушундайлар болду. Мен XXI кылымда жакындарымдын бирин ачарчылыктан сактап калууга аргасыз болом деп эч качан ойлогон эмесмин.

Өзүм Мариуполдо согуш болуп атканда 22 күн турдум, ошондо жети күн ачка болдук. Азык сакталган ашканабыз кыйрап, алты күн бою галет печеньени суу менен жеп турдук. Мен 10 килограмм салмак таштадым. Карыялар ар түрдүү илдеттерден, инфаркттан өлүп жатты. Коллаборанттар “өз ажалы менен” өлүп жатышат дешет, бирок “өз ажалга” согуш себеп болду да – адамдар ичип-жегенге азыгы жок калды. Бир таанышымдын чоң атасы менен чоң энеси бомбадан коргонуучу жайда ачкалыктан эле жан беришти. Мындай окуялар өтө көп болду".

Павел Глуӊенко жана анын жээни согушка чейинки мезгилде.
Павел Глуӊенко жана анын жээни согушка чейинки мезгилде.

"Орусиялыктар жардам бере албайбыз дешти"

"Таякемдин үйүнө марттын орто ченинде снаряд тийип, уктоочу бөлмөсүнүн дубалы урап түшүптүр. Анан керебетин ашканага жылдырып алыптыр. Ошентип, сууктан эптеп сактаныптыр. Жаңы бийликтин комиссия мүчөлөрү дубалдын урап түшкөнүн көрүп: “Биз көп кабаттуу имараттарды гана оңдоп-түзөйбүз, жеке курулган үйлөрдү оңдогонго жардам бере албайбыз”, - дептир. Орус армиясы бомбалап салса, баскынчылар "үй силердики" деп оңой кутулуптур.

Мариуполдогу имараттар менен инфратүзүмдүн (жол, көпүрө ж.б.) 95 % кыйраган. Бирок калган 5% – терезеси сынган үйлөр, жеке менчиктеги айрым бүтүн калган келкилер.

Азыр Мариуполго Орусиядан жана “ДЭРден” келген коллаборант (баскынчыларга өз эрки менен жардам бергендер-ред.) журналисттер ушул бүтүн калган имараттарды сүрөткө, тасмага тартып, шаарда баары сонун деп көрсөтүп жатат. Чындыгында кырдаал оор. Биринчиден, шаарда саналуу гана дарыкана иштейт, бирок аларда керектүү дары-дармектин көбү жок. Мисалы, менин таякемдин дарылар топтому (кан басымын төмөндөтүп туруучу, астмага каршы ж.б.) Украинада 900 гривен (АКШнын 31 доллары. – “Азаттыктын” түшүндүрмөсү). Ал жерде бул дарылар төрт эсе кымбат. Тамак-аш баасы асмандап кеткен. Болгону бир канча дүкөн ачылган, жайма базарлар иштейт, бирок шаарга ташылып келген товарлар 100 миңден ашуун адамдын жашоосун камсыздаганга жетпейт.

Мисалы, таякемдин бут кийим койгон комоду көмүлүп калган. Жайкы бут кийими жок. Кошуналар эптемей тапичке таап беришиптир, ошону бутуна илип алып, сыртка чыгат, ичкериде да ошону менен жүрөт. Биз телефондон сүйлөшкөндө “мага бут кийим керек” деди. Таанышыма "акча жиберем, базардан жайкы бут кийим сатып бериңиз" дедим. Ал шаардагы бир канча жерди кыдырып, 41-өлчөмдөгү бут кийимди эч жерден таба албаптыр. Бүтүндөй шаарда эки оорукана иштеп жатат, бирок дары-дармек, жабдуулар жок. Ооруканага барсаң, бака жалбыракты жарага таңып беришет экен. "Тез жардам" иштебейт. Жардамга муктаждарды дароо Донецкиге алып жөнөшөт".

Павел Гуӊенконун снаряд тийген уктоочу бөлмөсү.
Павел Гуӊенконун снаряд тийген уктоочу бөлмөсү.

"Өлүктөрдү жөн эле көчөгө чыгарып турдук"

"Мурдагы кесиптешим жигити экөө тең кайтыш болду. Алар көп кабаттуу тамдын үстүңкү кабатында жашачу. Авиабомба түшүп, үйдүн бир нече кабатын уратыптыр.

Менин үйүмө ракета тийгенде эки кошунам өлдү, алардын бири өпкөсүнөн жарадар болду. Кире беришке сүйрөп кирип, алгачкы медициналык жардам көрсөтүүгө аракет кылдык. Жакын жерде биздин аскерлер бар эле. Алардан догдур чакырып бергиле деп өтүндүк. Аткылоодон 20 мүнөт кийин догдур келди, бирок ал келгенче кошунабыз кансырап өлдү. Менин улагамда жан берди... Дагы бирөөнүн сөөгүн көчөгө чыгарып койдук, анткени бир-эки күндө баары тынчыйт деп ойлогонбуз. Согуштун жакын арада токторуна көзүбүз жетпей калганда гана сөөктөрдү көмө баштадык. Анүстүнө мартта күн өтө суук болчу. Күн жылыганда сөөктөр бузулуп, жыттана баштады. Баары тынчыса, кадимкидей эрежеси менен көмөбүз деп ойлогон элек да.

Украина Мариуполду кайра өз колуна алат деп ишенем. Ошол күн тезирээк эле келсе дейм. Туулган жерим кайра барып жашаймынбы же жокпу белгисиз. Жашабай калсам, адамча коштошуп кетким келет. Кремлде келесоолор отурганда Орусия менен чектеш бул шаарда жашоо өтө кооптуу. Бул бетпактарды өз аймагыбыздан сүрүп чыгарсак деле бүтүндөй Украина коркунучка кабыла берет. Экинчиден, мурдагы Мариупол азыр жок, аябай кыйраган. Барганда кай жерде баш калкалайм? Жолдорду калыбына келтирүүгө эле итапкан убакыт керек. Азыр Мариуполдо орто кылымдардай эле күн кечирип жатышат, электр жарыгы, газ, суу жок, эл тамагын от жагып бышырат, деңизге барып жуунушат. Мындай абалдагы Мариуполго кайтып баргым келбейт".

"Свобода" радиосунун кабарчысы Марк Крутов жазган макаланы орус тилинде бул жерден окусаңыз болот.

"Түн болчу. Сыртта ракета жарылып жатыптыр"
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:09 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG