Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:06

Орус аскери: Күнөөмдү моюнума алам, кечирип койгула


Владимир Шишимарин сотто. Киев, 18-май 2022-жыл.
Владимир Шишимарин сотто. Киев, 18-май 2022-жыл.

Украинанын прокуратурасы согуш кылмыштары үчүн айыпталган биринчи орусиялык аскерди өмүр бою абакка кесүүнү сурады. Эл аралык Кызыл Чырым комитети Мариуполдогу “Азовсталдын” аймагынан чыгарылган жүздөгөн украин аскерин согуш туткуну деп тааныды. Москва менен Киев заводдон чыгарылгандар тууралуу эки башка сандарды айтууда.

Украин сотундагы орус аскери

Украинанын прокуратурасы согуш кылмыштары үчүн айыпталган алгачкы орусиялык аскерди өмүр бою абакка кесүүнү сурады.

21 жаштагы сержант Владимир Шишимарин 18-майдагы сот отурумунда Сумы облусунун 62 жаштагы жай тургунун башка атып өлтүргөнүн моюнуна алган. Окуя 26-февралда болгон.

Жоокерди "уруштун мыйзамдарын жана салттарын бузуу" беренеси менен соттошууда. Иркутскиден чыккан Шишимарин Москва облусундагы танк дивизиясындагы отряддын командири болгон. Сотто ал маркумдун жесири аны кечире албасын түшүнөрүн, кылган иши үчүн өкүнүп жатканын айтты.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусиянын сот тууралуу маалыматы жоктугун, дипломатиялык алакалар үзүлгөндүктөн айыпкерге укуктук жардам берүү чамасы чектелгенин буга чейин билдирген.

Маалыматка караганда сот жараяны 20-майда уланмакчы.

Бейшемби күнү эртең менен Киев орус армиясы Харьков шаарынын айланасында контрчабуулга өтүүгө, чек арага чейин сүрүлүп чыккандан кийин буга чейинки басып алган украин жерлерин кайтарууга аракет кылганын билдирди. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы Велика Комишуваха айлынын айланасында орус аскерлери олуттуу жоготууларга туш болгонун кабарлады.

Кызыл Чырым "азовчуларды" согуш туткуну деп тааныды

“Азовсталдын” аймагынан чыгарылган украин аскерлери.
“Азовсталдын” аймагынан чыгарылган украин аскерлери.

Эл аралык Кызыл Чырым комитети эки күндөн бери “Азовсталдын” аймагынан чыгарылган жүздөгөн согуш туткунун каттай баштаганын маалымдады.

“Согуш туткундарын каттоо ишибиздин орчундуу бөлүгү. Аларга гумандуу жана ар-намысын кемсинтпеген мамиле кылууну камсыздоо өтө маанилүү”, - деп жазды комитет Твиттерге.

"Азовсталдан" чыгарылган украин жоокери. 16-май 2022-жыл
"Азовсталдан" чыгарылган украин жоокери. 16-май 2022-жыл

Кызыл Чырымдын кызматкерлери "азовчулардын" аты-жөнүн, туулган күнүн, жакындары тууралуу маалыматтарды катташууда. Муну менен туткундалгандар кайда экенин билүүгө, алардын туугандары менен байланышуусуна жардам берүүгө өбөлгө түзүлөрүн кошумчалады.

Комитет Женева конвенциясына ылайык, согуш туткундары менен “күбөлөрсүз” сүйлөшө аларына, алар менен жолугууга “тоскоолдук түзүлбөшү керектигине” басым жасады.

Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, дүйшөмбүдөн бери бардыгы болуп “Азовсталдагы” 1 730 украин жоокери колго түшүп берди, алардын 80и жарадарлар. Маалыматка караганда, алар чыгыш Украинадагы жикчилер көзөмөлдөгөн аймакка жайгаштырылды.

Министрлик шаршембиде жараат алгандар жаткан ооруканадан тартылган деген видео таратты. Камерага сүйлгөндөрдүн бири аларга медициналык жардам көргөзүшкөнүн, экинчиси тамактандырып турушканын айтып берди. Маалымат агенттиктери "украин жоокерлери өз ыктыяры менен сүйлөгөнбү же аларды мажбурлашканбы, аныктоо мүмкүн эмес" деп жазышты.

Мариуполдогу украин аскерлеринин акыркы таянычы болгон “Азовсталдагы” комплекстен канча киши чыгарылганы, калгандарынын тагдыры эмне болгону так белгисиз.

Москва менен Киев ар башка сандарды айтууда. Украин бийлиги заводдон чыгарылган 264 жоокери өздөрүн "ДНР" деп атаган чөлкөмгө жеткирилгенин тастыктаган. Коргоо министринин орун басары Анна Маляр аларды орус туткундарына айырбаштоо тууралуу сүйлөшүүлөр уланып жатканын шаршемби күнү билдирген.

Украинада согуш абалы узарды

18-майдын кечинде украин президенти Владимир Зеленский согуш абалын узартуу буйругуна кол койгонун билдирди.

Владимир Зеленский. 18-май 2022-жыл
Владимир Зеленский. 18-май 2022-жыл

"Биз баскынчыларды жерибизден сүрүп чыгып, Украинанын коопсуздугун камсыздоого тийишпиз. Бул үчүн согуш абалын жана жалпы мобилизациянын мөөнөтүн узартуу буйругуна кол койдум. Жогорку Рада чечимди жакын арада колдойт деп ишенем. Херсон, Мелитопол, Бердянск, Энергодар, Мариупол жана убактылуу оккупациядагы бардык шаар, кыштактар Украина кайтып келерин билиши керек".

Ал эми Британиянын Коргоо министрлиги тараткан маалыматка караганда, орусиялык генерал Сергей Кисель Харьковду алуу аракети оңунан чыкпагандыктан кызматынан убактылуу четтетилди. Чалгын кызматынын маалыматына шилтеме кылып, Кара деңиз флотунун кол башчысы, адмирал Игорь Осипов дагы “Москва” крейсеринин чөгүп кетүүсү үчүн иштен алынган дейт аталган министрлик.

Ал эми "Башкы штабдын начальниги армия генералы Валерий Герасимов кызматын сактап калганы менен президент Владимир Путин ага канчалык ишеним артып жатканы белгисиз" деп айтылат маалыматта.

Британ министрлиги кабарлагандай, орусиялык куралдуу күчтөрдө жана коопсуздук кызматында азыр “маалыматтарды жаап-жашыруу жана күнөөнү бирөөгө артып салуу адаты кеңири жайылган”.

Муну көз карандысыз булактар тастыктаганы тууралуу маалыматтар чыккан жок.

Буга чейин украиналык атайын кызматтар жана орусиялык иликтөөчү-журналисттер орусиялык армиянын жана атайын кызматтын жогорку жетекчилигиндеги кармоолор жөнүндө билдирип келишкен. Ал маалымат дагы расмий бышыкталган эмес.

Согуш шартында жаңжалдашкан тараптар адатта каршылашы тууралуу текшерүү дээрлик мүмкүн болбогон жалган маалымат таратышат.

НАТОнун атын атабаган расмий аскер өкүлдөрүнүн бири чалгынчыларга таянып, жаңжалдагы тараза ташы украин тарапка оогонун CNN телеканалына билдирди. Ошол эле маалда алдыдагы апталарда эч кимиси маанилүү утушка ээ болот деп күтүлбөгөнүн кошумчалады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG