Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:37

Донбасста орус армиясы алдан тайдыбы?


Донбасстагы украин аскери, 18-апрель, 2022-жыл.
Донбасстагы украин аскери, 18-апрель, 2022-жыл.

Батыш Донбасста орус армиясынын чабуулунун “ыргагы солгундап калганын” билдирди. Украин коргоо министри “согуштун жаңы узак мөөнөттүк фазасы” башталганын айтты. Германияда “Чоң жетиге” кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлери дүйнөлүк азык-түлүк жана энергетикалык кризисти талкуулады.

Батыштын чалгын кызматтары билдиргендей, Москванын Украинаны басып алып, Киевди багындырып, бийликти алмаштыруу планы оңунан чыкпай калгандай. 15-майда британ чалгын кызматы Украинанын чыгышындагы Донбасс аймагында орус армиясы “алсырап, мөөнөтүнөн кыйла артта калганын” билдирди.

Британ коргоо министрлигинин эсебинде, Орусия февралда уруш башталгандан бери кара жерде согушкан күчүнүн үчтөн бирин жоготту.

НАТОнун баш катчысынын орун басары Мирча Жоанэ “Украина бул согушту өз элинин, армиясынын каармандыгы жана биздин жардамыбыз менен жеңет”, - деди Берлиндеги жыйында.

Жекшембиде немис баш калаасында НАТОнун тышкы иштер министрлери чогулуп, Украинага мындан ары бериле турган жардамды жана Финляндия менен Швецияны аскердик бирикмеге кабыл алууну талкуулады.

24-февралда Орусия согуш ачып, Киевди басып ала албай калгандан кийин Донбасс аймагында күчүн үрөй баштаган. Британ өкмөтү орус армиясы уруштун башында бир катар ийгиликке жеткени менен соңку айда Донбасста алсырай түшкөнүн белгилейт.

Британдар азыркыдай шартта Орусия алдыңкы 30 күндө согуштун ыргагын тездете албай турганын боолголойт.

Украинанын коргоо министри Алексей Резников “согуштун жаңы узак мөөнөттүк фазасы” башталганын билдирди.

Харьков шаары февралдан бери катуу бомбалоого кабылса дагы багынган жок. АКШдагы Согушту изилдөө институту 13-майда жарыялаган маалыматында украин жоокерлери “Харьков үчүн кармашта” жеңип, орус күчтөрүнө “калааны басып алмак тургай” аны толук курчоого жол бербей койгону белгиленет.

Украин президенти Владимир Зеленский 13-майдын түнүндө сүйлөгөн сөзүндө армия орустарга туруштук берип, Украинанын аймагынан сүрүп чыгууга болгон күчтү жумшап жатканы менен “бул согуш канчага созуларын эч ким айта албайт” деди.

Согуштун качан бүтөрү украин элинен гана эмес, “биздин өнөктөштөрдөн, Европа өлкөлөрүнөн жана жалпы эле дүйнөдөн көз каранды” деди Зеленский.

Украинанын чалгын кызматынын жетекчиси Кирил Буданов “майданда эң чечүүчү маал августтун экинчи жарымы” болорун белгиледи.

“Бурулуш августтун экинчи жарымында болот. Кармаштын активдүү бөлүгү ушул жылдын аягына барып токтойт. Ал акыры Орусия Федерациясында бийлик алмашууга жеткирет, - деди Буданов. - Акыры аягы Украинанын бардык аймагында, анын ичинде биз колубуздан чыгарган Донбасс менен Крымга дагы бийлик орнотобуз”.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Батышты "гибриддик согушка кирди" деп айыптады.

"Батыш биригип, бизге толук гибриддик согуш жарыялады, ал канчага созуларын болжош кыйын. Анын кесепетин бири калбай, баары тартары ачык" - деди Ларов. Ал ошондой эле ​Батыштын санкциялар менен Орусияны сызга отургузуу аракети "оңунан чыкпаганын" айтты.

Москванын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов Орусия Украинадагы урушта "багынбай турганын" билдирди. Орусиялык дипломат "башкы командачы куралдуу күчтөрдүн алдына койгон тапшырма толук аткарылат" деди орус телеканалына.

Элчи АКШ Орусияны тынчтык сүйлөшүүлөрүнө түртүп, бирок Москвага "өзүнүн шарттарын таңуулап жатканын" кошумчалады. Элчинин сөзүнө караганда, ал шарттар - Украинада согуштук операцияларды токтотуу, аскерлерди 24-февралдан мурунку чекке чыгаруу жана буга чейинки кылганын мойнуна алуу. "Андай капитуляция эч качан болбойт" деди Орусиянын Вашингтондогу башкы дипломаты.​

Согуш жана азык-түлүк коопсуздугу

Дүйнөдөгү күчтүү экономикасы бар өлкөлөр түзгөн "Чоң жетиге" кирген мамлекеттердин үч күндүк жыйыны Германиянын Штутгарт шаарында жыйынтыкталды.

"Чоң жети" Орусиянын Украинага согуш ачканы “соңку жаңы тарыхта өтө олуттуу азык-түлүк жана энергетикалык кризисти жаратып, анын кесепети дүйнөдөгү бардык аялуу топторго тиет” деген тыянакка келди.

АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия, Италия жана Жапония кирген топ Орусия бөгөт койгон Украинанын буудайын экспорттоого тезинен жол ачылбаса, азык-түлүк кризиси жараларын эскертти.

Германиянын айыл чарба министри Жем Өздемир жыйындан кийинки басма сөз жыйынында ​"климаттын өзгөрүшү эле эмес, согуш дагы дүйнөдө тамак-аш тартыштыгын курчутарына" токтолду. "Путиндин Украинага баскынчылык согушу дүйнө жүзүндө ачкачылыкты дагы жайылтат".

“Чоң жетиге” кирген өлкөлөрдүн башкы дипломаттары Кытайды Украинанын эгемендигин коргоону колдоого үндөп, Орусияга жардам бербөөгө чакырды. Бээжинди “Орусиянын Украинага жасаган баскынчылыгын актаган бурмаланган маалыматтан жана башка ушул сыяктуу каражаттардан оолак болууга” үндөдү.

Москванын өнөктөшү Беларусту орус армиясынын аскердик аракеттерин “колдоону” токтотууга жана “эл аралык милдеттемелерин аткарууга” чакырды.

"Чоң жетинин" башкы дипломаттары санкциялар аркылуу Орусияга экономикалык жана саясий басым күчөй турганын белгилешти. Ал эми Киевге “канча зарыл болсо ошончо” аскердик жардам берүү улантылмакчы. Ошондой эле бул бирикмеге кирген мамлекеттер Орусиянын Украинага жасаган аскердик агрессиясын эч качан актабай турганы айтылды.

Украинадагы согуш: ким күчтүү?
please wait

No media source currently available

0:00 0:36:38 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG