Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:28

"Cогуштун кесепетин эми сезебиз"


Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ). Орусия уюмдагы башка мамлекеттерге дан азыктарын жана кумшекерди экспорттоого убактылуу тыюу салды.

Дүйнөлүк банк Украинадагы согуштун кесепетинен баалар дагы өсөрүн, ал тургай бир нече жылга чейин созулушу мүмкүн экенин эскертти. Банк өкмөттөрдү алдын алуу чараларын күчөтүүгө чакырды.

Москва Киевге кол салгандан кийин Бириккен Улуттар Уюму, Эл аралык валюта фонду жана башка каржы институттары кеминде элүүдөй мамлекетте азык-түлүк кризиси болорун эскерткен. Ар кайсы өлкөлөрдүн өкмөттөрү согуш башталганда көтөрүлгөн баалар азыр турукташканына каниет кылып турат. Бул тема "Азаттыктын" “Элдик экономика” түрмөгүндө талданды.

“Кымбаттоо 2024-жылга чейин созулат”

Дүйнөлүк банк алгачкы төрт айдын жыйынтыгын талдаган жаңы баяндамасында Украинадагы согуштун кесепеттерине кенен токтолуп, андан кийинки азык-түлүктүн жана энергетикалык отундардын кымбатташын “товардык шок” деп атады. Уюм азыркы базар баасындагы секириктерди 1973-жылдагы мунай кризисинен кийинки кырдаалга салыштырган.

“Товардык-чийки заттык рыноктордун келечеги” деп аталган изилдөөдө мекеме бул согуш глобалдык сооданын, өндүрүштүн жана керектөөнүн моделин өзгөрткөнүн кабарлап, баалар кеминде 2024-жылдын аягына чейин азыркыдай абалда кала берерин эскертет. Себеби азыр тирешип жаткан Орусия менен Украина азык-түлүк товарларын жана жер семирткичтерди өндүрүүдө алдыңкы өлкөлөрдөн болуп саналат.

Уюмдун билдирүүсүндө Дүйнөлүк банктын Калыс баалар, каржылар жана институттар боюнча вице-президенти Индермит Гиллдин сөзү берилген.

Индермит Гилл
Индермит Гилл

“Жалпы жонунан бул 1970-жылдардан берки эң масштабдуу “товардык шок” болуп калды. Ошол эле мезгилдегидей азыркы абал дагы азык-түлүктү, күйүүчү отунду жана жер-семирткичтерди алып-сатуудагы чектөөлөрдүн кескин өсүшү менен тереңдеп жатат. Бул окуялар стагфляцияны (стагнация жана инфляция) жаратууда. Жетектөөчү органдар өлкөнүн ичиндеги экономикалык өсүүнү камсыздаган бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланышы керек жана дүйнө экономикасына кедергисин тийгизе турган аракеттерден карманышы шарт”.

Баяндамада энерго-отундар 2022-жылдын аягына чейин баштапкы баасына салыштырмалуу 50% чейин кымбатташы мүмкүндүгү белгиленет. 2023-2024-жылдары кайра акырындап басаңдайт, бирок мурдагы көрсөткүчтөрүнө келиши күмөн. Энергетикалык эмес товарлар, анын ичинде айыл чарба өнүмдөрү жана металлдар 2022-жылы 20% кымбаттайт деген божомол бар. Кийинки жылдары алардын наркынын көтөрүлүшү да аз-маз жайлайт.

Ошол эле убакта чийки заттардын баалары соңку беш жылдыктын көрсөткүчтөрүнөн кыйла жогору абалда сакталып кала берет. Эгер согуш узарып кетсе, же Орусияга каршы кошумча санкциялар салынса, баалардын деңгээли жана олку-солкулук азыр болжолдонуп жаткандан да өйдөлөп кетиши ыктымал.

Дүйнөлүк банк мунайдын Brent үлгүсүнүн баррели былтыркы жылга салыштырмалуу 40 долларга өскөнүн, азыркы мезгилде 100 доллардын тегерегине чыкканын мисал келтирет. Каржы мекемеси келерки жылы бул сумма бир аз түшүшү мүмкүндүгүн, бирок ал баары бир акыркы беш жылдагы орточо баадан жогору болорун болжойт. Европада көгүлтүр отун быйыл эки эсе кымбаттап, көмүрдүн наркы 80% өсүп, натыйжада экөө тең тарыхый жогорку чекке жетиши ыктымал.

Дүйнөлүк банктын Болжолдоо тобунун башкы экономисти Джон Баффес бул жөнүндө мындай дейт:

Дүйнөлүк банктын имараты
Дүйнөлүк банктын имараты

“Чийки заттардын рыногу өтө чоң басымдын алдында калды. Ал эми кээ бир товарлардын баалары номиналдык көлөмдө рекорддук чекке жетти. Бул узак мөөнөткө чейин “домино эффектин” кармап турат. Энергия жана жер семирткич сыяктуу өндүрүш ресурстарына баанын өсүшү көп өлкөлөрдө, айрыкча өнүгүп бараткан мамлекеттерде азык-түлүктү өндүрүүнү кыскартат. Өндүрүш ресурстарын пайдалануунун азайышы товар өндүрүүнүн көлөмүнө эле эмес, сапатына да терс таасир этет. Өз кезегинде бул жагдай тамак-аш азыктарынын жеткиликтүүлүгүнө, калктын кирешесине жана жакыр катмарга кедергисин тийгизет”.

Уюмдун талдоосунда буудай 40% кымбаттайт жана анын баасы дагы тарыхтагы эң жогорку көрсөткүчкө жетет. Бул оболу Орусиядан жана Украинадан дан азыктарын импорттоого көп көз каранды болгон өлкөлөрдүн экономикасына сокку болот.

“Элүүдөй мамлекетте буудай тартыш болот”

Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) Орусия Украинага кол салгандан кийин тараткан билдирүүсүндө дагы эскертүүлөрдү берген. Мекеме өз маалыматында, эки өлкө биригип дүйнөдө арпанын 19%, буудайдын 14%, жүгөрүнүн 4%, күн карама майынын 52% камсыз кыларын белгилеген. Ошол себептүү мекеме Орусия менен Украинанын ортосундагы согуш дүйнөдөгү азык-түлүк коопсуздугуна чоң коркунуч жаратарын кабарлаган.

Цюй Дунъюй
Цюй Дунъюй

“Украинадагы жана Орусиядагы дан жана өсүмдүк май азыктарын камсыз кылуудагы чынжырчанын жана логистиканын үзгүлтүккө учурашы, Москванын экспорттук чектөөлөрү азык-түлүк коопсуздугуна абдан таасир этет. Биринчи кезекте муну Орусия менен Украинадан дан азыктарын алып келген элүүдөй мамлекет сезет. Африкада, Азияда жана Жакынкы Чыгышта жайгашкан мындай өлкөлөрдүн көбү кирешеси аз, азык-түлүк тартыштыгы бар жана анча өнүкпөгөн мамлекеттердин категориясына кирет”, -деген БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (FAO) башкы директору Цюй Дунъюй. Анын пикири дагы баяндамада берилди.

Орусия жылына 120 миллион тоннадан 135 миллион тоннага чейин дан азыктарын өндүрөт. Мунун ичинен буудай өндүрүү боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда турганы менен соңку жылдары аны сыртка сатууда биринчиликке чыккан.

Ал эми Украина бул өндүрүштө 9-10-сапта турганы менен буудайды чет жакка эң көп экспорттогон беш мамлекеттин катарында.

Уруш башталган соң Москва Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө мамлекеттерге дан азыктарын жана кумшекерди экспорттоого тыюу салып, уюмдан сырткаркы мамлекеттерге сатууда бажы алымдарын көбөйткөн. Согуштук кырдаалга байланыштуу Киев дагы буудайды, кара буудайды, этти, сулуну, гречканы жана ашкана тузун сыртка чыгаруусуна убактылуу чектөө киргизди.

Украина мурда келишим түзгөн милдеттемелерди да аткара албай калган. Азыктар орус аскерлери басып киргенине байланыштуу деңиз жолдору жабык болгондуктан жеткирилбей жатат. Майдын башында БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлү Мартин Фрик Украинанын портторунда дээрлик 4,5 миллион тонна эгин кармалып турганын маалымдаган. “Чоң жети” уюму (G7) жана Евробиримдик жакын арада бул боюнча Киевге көмөк көрсөтөрүн билдирүүдө.

БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун маалыматына ылайык, Египет, Түркия, Бангладеш, Иран дүйнөдөгү буудайды эң көп импорттогон өлкөлөр. Алардын кампасынын 60% ашыгын Орусия менен Украина толтурат. Москва менен Киевден Ливан, Тунис, Йемен, Ливия жана Пакистан дагы көз каранды.

Борбор Азиядагы мамлекеттерден Казакстандын өзүндө 15 миллион тоннанын тегерегинде дан азыктары өндүрүлөт. Бирок мамлекет буудайды унга же нанга айлантып сыртка экспорттош үчүн баары бир аны Орусиядан алып келген. Ал эми Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан өз керектөөлөрүнүн көпчүлүк бөлүгүн Москвадан ташый турганы белгилүү. Ошол себептүү бул өлкөлөрдө буудай, ун жана башка азыктары марттан бери кыйла кымбаттады.

Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) апрелдин соңунда жарыялаган баяндамасында, Украинадагы согуш Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия аймактарынын экономикасына чоң кедергисин тийгизгени белгиленди. Уюмдун аталган чөлкөм боюнча департаментинин башчысы Жихад Азур “Азаттыкка” курган маегинде буларды белгилеген:

Жихад Азур
Жихад Азур

“Биринчиден, Кавказ жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн Орусия менен байланышы терең. Борбор Азиядагы жана Кавказдагы бир топ мамлекеттерде соода, инвестиция, сырттан которулган акча, финансы жана азык-түлүк менен камсыздоо тармактарында маселе жаралат. Буга кошумча кризистин кыйыр таасирлери бар. Дүйнөлүк алкакта белгисиз жана түпөйүл жагдай уланып жаткандыктан, валюта саясатындагы өзгөрүүлөрдөн жана энергия булактарынын баасынын өсүшүнөн улам үстөк пайыздар көтөрүлүп жатат. Натыйжада, чөлкөмдөгү өлкөлөр көп катмарлуу шокко туш болушат. Айрым өлкөлөр сырткы таасирди азайтуу үчүн валюталык саясатын өзгөрттү. Кайсы бири кирешеси аз үй-бүлөлөргө жардам берүүчү айрым чараларды кабыл алды. Айрымдары буудай сыяктуу товарлардын импортун диверсификациялоого аракет кылууда”.

Жихад Азурдун белгилешинче, Борбор Азия өлкөлөрүн импортунун булактарынын багытын бара-бара кеңейтип, региондун ичинде сооданы күчөтүүгө бел байлашууда. Бирок ар кайсы өлкөдө кырдаал ар башка. Бир мамлекетте мүмкүнчүлүк көбүрөөк, экинчисинде азыраак.

“Буудайга болгон чектөөнү алдыра албай койдук”

Коронавирус пандемиясынан улам башка өлкөлөр сыяктуу Кыргызстанда да көтөрүлгөн баалар Украинадагын согуштан соң дагы секирик жасады. Анын себептери жогоруда белгилегендей Орусия киргизген чектөөлөргө байланыштуу.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, жыл башынан бери жалпы республика боюнча керектөө бааларынын өсүүсү 7,1% түздү. Анын ичинде тамак-аш азыктарына жана алкоголдук ичимдиктерге, алкоголсуз суусундуктарга жана тамекиге 9,8%, азык-түлүк эмес товарларга 4,2%, калкка кызмат көрсөтүүнүн тарифтери 2,4% өстү. Бирок ошол эле маалда айрым товарлардын түрлөрүнүн кымбатташы мындан бир нече эсе чоң болду.

Айыл чарба министрлигинин Азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Данияр Жанузаков азыр базардагы кырдаал кыйла турукташканын маалымдайт.

Данияр Жанузаков
Данияр Жанузаков

“Орусия айрым товарларды экспорттоого тыюу салгандан кийин биздин импортёр фирмалар бир сыйра кымгуут түшүп калышты. Ошондуктан айрым товарлар, көбүнчө кумшекер жана өсүмдүк майынын баасы кыйла кымбаттап кеткен. Евразия Экономикалык Биримдиги жылына үчүнчү өлкөлөрдөн кээ бир товарларды ташып келүүгө квота бөлөт эмеспи. Маселен, былтыр декабрда кумшекерге 70 миң тонна бөлсө, 15-апрелде кошумча 35 миң тонна квота берилген. Азыр биздин ишкерлер ошонун жарымын алып келатышат. Майды сыртка чыгарууга Москва чектөө койгон эмес. Аны бизде кызыл кулактык менен гана кымбаттатып жиберишкен. Азыр бул эки товарда тартыштык жок, экөө тең ташылып келип жатат”.

Кыргызстандын кумшекерге болгон керектөөсү 170,8 миң тоннаны түзсө, өз өндүрүшү былтыр мунун 40% (64 миң тонна) гана камсыздаганы белгилүү. Ал эми өсүмдүк майы өлкөдө 60 миң тонна пайдаланылса, жергиликтүү өндүрүш былтыр болгону 5,4 миң тоннаны түзгөн.

Башка маселе - кыргызстандыктар көп жеген буудайдын быйылкы тагдыры тобокелчиликте калууда. Өлкө жылына 770 миң тонна буудай керектесе, өзү орточо 400 миң тонна гана жыйнайт. Мына ошондуктан азыктын бул түрүнөн Орусияга, Казакстанга көбүрөөк көз каранды.

Айыл чарба министрлигинин өкүлү Данияр Жанузаков муну ташып келүүдө тоскоолдуктар кала бергенин мойнуна алды.

Бишкектин "Ош" базары
Бишкектин "Ош" базары

“Орусия буудайдын бардык түрүнө чектөө киргизген эле. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында үрөндү сатууга кайрадан уруксат берди. Бирок азыктык буудайды Евразия Экономикалык Биримдигинин ичинде сатууга койгон чектөөсүн ала элек. Биз сүйлөшүүлөрдү дагы да улантып жатабыз, эки жолу жолуктук, алты жолу кат жөнөттүк. Алар өздөрүндө да “кандай күн болот” деп, сыртка көп чыгаруудан кооптонуп турушат экен. Азыр биздеги буудайдын көлөмү ушул тапта өзүбүздү камсыздаганга толук жетет. Бирок баары бир кошумча запастарды тартууга аракет кыла бергенибиз оң. Азык-түлүк коопсуздугунун өзөгүн түзгөн товарлардын калгандары боюнча тартыштык жок”.

Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин баалоо үчүн тамак-аштын эң керектүү тогуз түрү аныкталган. Алар, буудай жана нан азыктары, картошка, мөмө жана жер-жемиштер, жашылча жана бакча өсүмдүктөрү, кумшекер, өсүмдүк майы, сүт азыктары, эт азыктары жана жумуртка.

Эгер бул азыктарды саны жагынан карасак, Кыргызстан анын үчөөсүн – картошка, сүт жана жашылча менен гана өзүн толук камсыздай алат. Калгандарынын көбүн сырттан ташыйт. Эгер пайыздык көрсөткүчтөр менен карасак, аталган маанилүү товарлардын 70% башка өлкөлөрдөн сатылып келет.

“Орусия өзүндө бааларды арзандатууда, бирок бизге түшүргөн жок”

Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына кайрылсак, буудайдын килограммы 32 сомдон, жогорку сорттогу ундун килограммы 58 сомдон, биринчи сорттогу ундун килограммы 48 сомдон болуп жатат. Бул жыл башындагыга салыштырмалуу 1-2 сомдон 5-6 сомго чейин кымбат дегендик.

Орточо баалар уйдун этине 480 сомдон, койдун этине 497 сомдон жана жылкынын этине 431 сомдон айланууда. Бул дагы жыл башына салыштырмалуу 10-15 сомго өскөнүн көрсөтөт.

Кумшекердин орто баасы 70 сомдон 96 сомго (1 кг) жана күнкарама майынын орто баасы 176 сомдон 192 сомго (1 кг) чыккан. Жумуртканын, картошканын баалары салыштырмалуу туруктуу кармалган.

Кеңешбай Тайлаков
Кеңешбай Тайлаков

“Негизи бардык мамлекеттерде социалдык жактан маанилүү товарлардын баасын деле жеке жактар, компаниялар жана өндүрүүчүлөр өздөрү аныктап, суроо-талапка ылайык иш алып барышат. Бир дагы өлкө мындай баа менен сатасың деп чектөөлөрдү киргизе албайт. Ошону менен катар ар бир мамлекеттин товарларды кескин кымбаттатып жибербөөнүн ыкмалары бар. Маселен, мартта дүрбөлөң башталганда кыргыз өкмөтү негизги азыктарды ЕАЭБден сырткары чыгарууга тыюу салганбыз. Министрлер кабинети өсүмдүк майын, кумшекерди кошумча нарк салыгынан бошоткон. Биздин кызмат болсо монополист компаниялар менен келишим түзгөнбүз, алар айрым товарлардын түрлөрүн социалдык баа менен сатыкка чыгарып турууга макул болушкан. Мына ушундай нерселер бааны турукташтырганга салым кошту. Азыр өтө чоң тартыштык, бааларга кескин секириктер байкалбайт”,-деди Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Кеңешбай Тайлаков.

Статкомдун мониторингинде жыл башынан бери бензиндин А-95 үлгүсү 64 сомдон 67 сомго, А-92 үлгүсү 61 сомдон 64 сомго, А-80 үлгүсү 57 сомдон 62 сомго секирген. Дизель отуну 57 сомдон 64 сомго чыкты. Албетте, бул орточо баалар. Май куюучу жайлардын жайгашкан жерине карата айырмачылыктар чыга берет.

Кыргызстандык компаниялар Орусиядагы заводдордон мурдагы жылы бензиндин тоннасын 300 доллардан алып турушса, былтыр аны 700 доллардан ашык каражатка сатып алып жатышты. Ал эми дизел отуну 350-360 долларлык мурдагы жылкы баадан, былтыр 600 доллардан жогорулаган.

Быйыл болсо эки түрдүн тең тоннасы 790-800 доллардын тегерегинде келип түшүүдө. Кыргызстандык күйүүчү май ташыган компаниялар да так мына ушул себептүү товарына баа кошууга аргасыз болуп жатканын билдиришет.

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов Орусиядан күйүүчү майларды ташып келүүдө үзгүлтүк жок экенин белгиледи.

Канат Эшатов
Канат Эшатов

“Орусиядан күйүүчү майларды ташып келүү үзгүлтүксүз эле болуп жатат. Алардын заводдору келишимдерди өз убагында тейлеп, жөнөтүп жатышат. Февраль, мартка караганда азыр баалар бир аз турукташты. Бирок баары бир кымбаттаган боюнча калды, кайра артка түшүрө албайбыз. Себеби биз алардан кымбаттатылган боюнча алып жатабыз. Орусиянын өзүнүн ичинде 12% кайра түшүрүштү, бирок сыртка арзандатышкан жок. Элди түшүнүп жатабыз, азыр бардыгы кымбаттап кетти. Бирок бизге да айла жок”.

“Даярдык жетиштүү болбой калды"

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда күйүүчү майга болгон жылдык керектөө 1 млн. 300 миң тоннадан 1 млн. 500 миң тоннага чейин жетет. Бул сумма ар кандай жагдайларга карап өйдө-ылдый болуп турушу мүмкүн.

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы ырастагандай, мурда бул жааттагы ишкерлерде эки айга жете тургандай запас турчу. Бирок азыркы учурда алардын кампасында бир айлык көлөм сакталып жатат экен.

Демек, ташып келүү үзгүлтүккө учураган жок деген күндө деле тобокелчиликтер бар. Адистер муну Орусиядагы жана Украинадагы кырдаалга эле эмес, көп өлкөлөрдөгү өндүрүш кыскарганына жана логистика чектелгенине байланыштуу экенин белгилешет.

Кыргызстандын мурдагы экономика министри Жеңишбек Байгуттиев “Азаттык” менен мындайча ой бөлүштү:

Жеңишбек Байгуттиев
Жеңишбек Байгуттиев

“Пандемия башталган учурда экономика ар кандай чектөөлөргө туш болуп, натыйжада энерго ресурстарга көп муктаждык болгон жок. Ошол себептүү аны өндүргөн өлкөлөр да чалгындоо иштерине анча көңүл бурбай келди. Башкача айтканда, паузада кармалды. Азыр эми суроо-талап кескин өскөндөн улам чалгындоо жана өндүрүү иштерин жандантышты, бирок баары бир ыкчам илип кете алышкан жок. Күйүүчү майлардын жана башка энергетикалык отундардын тарштыгынын сезилгени так мына ушундан. Бул өзүнүн таасирин жер айдоого, жер семирткичтерди өндүрүүгө, бул жааттагы товарларды жеткирүүгө кедергисин тийгизүүдө”.

Кайра эле азык-түлүктү алсак, быйыл дүйнөдө бул жааттагы өндүрүштүн көлөмү да азыраак болот деп күтүлүүдө. Эгер Орусия менен Украинадан буудайдын сыртка чыгышы азайса, анын ордун башка экспортерлор камсыз кыла алабы же жокпу белгисиз. Маселен, Канаданын өзүндө буудайдын запасы азайып жатса, АКШ, Аргентина жана башка өлкөлөр ички рыногун толтурууга умтулууда.

Жеңишбек Байгуттиевдин айтымында, Кытай акыркы жылдары АКШнын саясатынан чочулап, акча резервдерин долларда эмес, сейрек кездешүүчү металлдар менен камсыздоого өткөн. Бээжин эми азык-түлүктүн запастарын ыкчамдык менен чогултуп жатат. Байгуттиев белгилегендей, Кытайдын бийлиги 2021-жылкы күрүчтүн түшүмүнүн 60%ын, жүгөрүнүн 69%нын кампасына катып койду.

Кытайда буудай жана башка азыктар да жыл сайын ири көлөмдө резервге алынып жаткан, ал быйыл дагы күчөшү мүмкүн. Мындай шартта Кыргызстан сыяктуу майда өлкөлөргө оор болот.

Кыргызстандын базары
Кыргызстандын базары

“Бардык маселелер чечилди дегенден алыс болуш керек. Себеби Украинадагы окуя февралдын аягында башталды. Андан бери логистика бузулуп, ошонун эле кесепетин сездик. Өзүбүз былтыркы жылдын түшүмү менен гана жашап жатабыз. Биз быйылкы түшүмдү жыйнай баштагандан кийин гана, ушул уруштун чыныгы кесепетин көрө баштайбыз. Менимче август-сентябрларда баштапкы жыйынтыктарын көрө баштайбыз. Азырынча согуштун кесепетин сезе элекпиз. Негизи Орусиянын, Украинанын, Казакстандын жерлери дан азыктарына көп ыңгайлашкан эмеспи, алар быйыл канчалык себе алышты белгисиз. Украина маселен анча өндүрө албай калса, анан кайра тескерисинче, анын өзүнө гуманитардык жардамдар агылса, бул дүйнөдө кыйла тартыштыкты жаратат. Кымбатчылык болсо Орусия өзү товарларын деле сыртка чыгарууга чектөөсүн уланта берет. Ошондо жалпы дүйнөдөгү картина ачык көрүнөт. Кыргыз өкмөтүнүн даярдыгы канчалык болгонун да ошондо белгилүү болот. Бирок менимче даярдыктар жетиштүү болбой калды, өз аракетибизди постфактум баштап калдык”,-деди Жеңишбек Байгуттиев.

Борбор Азия мамлекеттеринен Казакстанда, Тажикстанда, Өзбекстанда, Түркмөнстанда да мартта баалар кыйла көтөрүлүп, апрелде ошол абалында бир аз турукташкан. Бирок майдын ортолорунда кайрадан өскөнү байкалды. Өзгөчө азык-түлүк, анын ичинде ун кымбаттай баштаганын “Азаттыктын” бул өлкөлөрдөгү кызматтары жазып жатышат.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG